alternatetext Багымдат: 04:33 | alternatetextКүн чыгуу: 06:14 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:50 | alternatetextШам: 19:50 | alternatetextКуптан: 21:34
РубрикасызТарбия

Кыска аңгеме

Турмуш курушканына эки жыл болду. Күйөөсү адабиятка жакын, ыр жазганды жакшы көрчү. Жазган ырларын интернеттен жарыялап, газета журналдарга жөнөтүп турчу. Бирок, анын жазгандарын жактырып окуган, аны колдогон эч ким чыкпады.

Сүрөттү да жакшы тартчу. Мыкты фотографтардын бирөөсү. Адабиятка болгон кызыгуусу, аны сүрөт тартуудан алыстата баштаган. Бара-бара сүрөтчү болуу өзүнө жакпай калган. Үйлөнүү тойундагы тартылган сүрөттөрдүн көпчүлүгү өзүнө таандык. Өмүрлүк жубайын аябай жакшы көрчү. Аялы да аны сүйчү, бирок, сабырсыз эле. Кээде кыйкырып уруша кетчү. Эркек ага караганда сабырдуу, чыдамкай. Аялынын кылгандарына, каяша айткан сөздөрүнө жооп кайтарчу эмес.

Бүгүн аялынын көңүлү жайында. Акырын келип жолдошунан дагы суранды: «Досумдун тойунун сүрөттөрүн тартып берчи… акысын да эки эсе төлөп берем деди.»

-«Бүгүн убактым жок.»

-«Уфф. .. дагы баштадыңбы! ? Роман жазганыңды койо турсаң, убакыт табылат!»

-«Көрөсүң. Убагы келип, мен жазган чыгармалардын баркын билишет.»

-«Мен билбейм! Сен жазгандарды түшүнбөйм да. Досумдун тойуна барасың!»

— «Барбайм.»

-«Бир жолу… суранам жаным.»

— «Жок дедим го!»

Ушул жерден диалог токтоду. -«Же үч күн ичинде барам деп айтасың, же…»

Биринчи күнү. Күйөөсүнө компьютерин, ваннаны жана муздаткычты колдонууга тыюу салды. Бирок, керебетке уруксат, эмне болсо да аны сүйөөрүн билдирүү үчүн. Эркек унчукпады. Ошентип экинчи күн, артынан үчүнчү түн да келди. Экөө тең бир керебетте, эки тарапты карап жатышат.

Эркек: «Сүйлөшүп алышыбыз керек.»

-«Тойдун сүрөтүн тартуу боюнча гана сүйлөшөм. Башка сөзүм жок!»

-«Маанилүү».

Аял унчуккан жок.

-«Эмне дейсиң, ажырашалы?»

Аялы уккан кулагына ишенбей кетти.

— «Бир кыз менен тааныштым.»

Аялы, бир чети кызганып, бир чети жинденип атты. Эмне дээрин да билбей калды. Көзүнөн эки тамчы жаш, жашырганына карабай бетинен ылдый карай акты. Күйөөсү, төш чөнтөйүндө сактап жүргөн сүрөттү сууруп чыкты. — «Татынакай кыз.»

Аялынын эки тамчы көз жашы ого бетер көбөйүп ага баштады.

— «Ушул кыз мени түшүнөт. Мени аябай жакшы көрөт. Мага жакпаган нерселерди айтып башымды оорутпайт. Жада калса, жазуучулук талантымы да баалай билет деген үмүттөмүн.»

Бул сөздөрдү уккан, тетири карап жаткан аялынын кызгануусу аны уктатпады.

— «Сүрөтүн тартып алгам. Көрөсүңбү?»

Сүрөттү сунган колун ары катуу түртүп, үнүн чыгарып ыйлап жиберди. Күйөөсү сүрөтүн кайра чөнтөйүнө салып уйкуга кетти. Аялынын уйкусу эчак эле качып кеткен. Бир убактары айткан сөздөрүн эстеп кетти. Күйөөсүнө айткан сөздөрүн. Анын жазган ырларын мактап, өзүнө арнап да ыр жаздырганын. Ушунун баарын эки жыл өтпөй унутуп жибергенине, ичинен өзүн жемелей баштады. Аны ойготуп, сүйүүсүнүн өчпөгөнүн айткысы келди. Айталбады. Чөнтөйдүн оозунан сүрөттүн чети чыгып турган. Кандай кыз болду экен деген ой менен сүрөттү акырын алып карады.Сүрөттөн өзүн көрүп алып ыйлайын дейт, сүрөттү көрүп кайра же күлө албайт. Кубанычы койнуна батпай, ийилип барып бетинен өөп койду. Эркек ууртунан жылмайды… уктамыш болуп жаткан

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button