alternatetext Багымдат: 04:14 | alternatetextКүн чыгуу: 06:00 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:57 | alternatetextШам: 20:01 | alternatetextКуптан: 21:49
Өрнөктүү өмүрлөрРубрикасыз

Икрима Ибн Абу Жахл

Икрима Ибн Абу Жахл

📍ИКРИМА ИБН АБУ ЖАХЛ

✍🏻 *«Силерге ыймандуу мухаджир Икрима келет. Анын атасы тууралуу жаман сөз айтпагыла. Арбакты жамандоо тирүүгө зыян келтирет‚ бирок арбакка жетпейт»* (Мухаммад, Аллахтын Элчиси ).

📌 Качан Аллахтын Элчиси (с.а.в) аны акыйкат жолго жана туура ишке чакыруусун жарыя кылганда, ал отузга чыгайын деп калган эле.

Ал курайштердин арасынан эң ак сөөк, бай жана кадыр-барктуу эле. Акылга салсак, ал атасы болбогондо Ислам динин татыктуу жана акылдуу түрдө уруулаштары Саад Ибн Абу Баккас, Мусаб Ибн Умайр жана Меккелик белгилүү уруулардын өкүлдөрү менен кошо эле кабыл алмак болчу.

Силер кандай дейсиңер, анын атасы ким болгон?

Бул меккелик улуу баатыр‚бутпарастардын башкы кол башчысы жана ал аркылуу Аллах мусулмандардын ыйманынын бекемдигин текшерген жана алар ал сыноодон өтүүсүнөн, шумдуктуудай, ырайымсыз кыйноолордун устаты болгон…

Акын атасынын аты Абу Жахи экендигин айтсак жетиштүү болот го. ..
(Бул атты « акмактыктын атасы») ага Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам ) берген эле. Ал эми анын өз аты Амр Ибн Хишам болгон).

Атасы ушундай болгон, ал эми баласын толугу менен Икрима Ибн Абу Жахл аль-Махзуми деп аташкан. Ал курайштер арасында белгилүү баатыр жана эң кыйын чабандес болгон.

Өзүнүн атасынын бийлик даражасы ахыбалынын аркасынан Икрима Ибн Абу Жахл Мухаммад (с.а.в)га каршы чыгууга аргасыз болгон. Мухаммад (с.а.в)дын ырайымсыз душманы болуп туруп, ал анын сахабаларына өтө чоң зыяндарды келтирген жана атасын кубандырып мусулмандарды өтө оор кыйноолорго салган …

Бадр согушунун алдында бутпарастардын күчтөрүнө кол башчылык кылган Абу Жахл аль-Лат жана аль-Аззалардын (курайштардын буттары) атынан Меккеге Мухаммад(с.а.в)ды кыйратып туруп, анан гана кайтып келем деп ант берди. Бадрга келип ал курманчылык чалып, мал союп, шарап ичирип, ырчыларды ырдатып майрам курду …

Согуш учурунда болсо Абу Жахлдын баласы -Икрима анын таянычы жана жазалоочу куралы болду.

Ошондой болсо да аль-Лат жана аль-Узза Абу Жахлдын кылган дубасына дүлөй бойдон калышты, анткени алар эч нерсе укпай турган жансыз таштар эле… Жана ага эч кандай жардам да бере алышпайт эле…

Абу Жахл Бадр согушунда согуш талаасында өлүмгө учурады. Анын уулу Икрима өз көзү менен анын денесине мусулмандардын найзасы сайылып, ал кансырап өлгөнүн көрдү. Өз кулагы менен атасынын оозунан чыккан өлүм алдындагы кыйкырыкты укту.

Курайштердин кол башчысынын денесин Бадрда калтырып Икрима Меккеге келди. Оор кыйроого учураткан жеңилиш атасынын сөөгүн Меккеге алып келип көмгөнгө мүмкүнчүлүк берген жок. Ал атасынын өлүк денесин мусулмандарга таштап качууга аргасыз болду. Алар болсо аны башка дагы ондогон бутпарастардын сөөктөрү менен кошо Кулайб кургак кудугуна салып ташташты. Акыры ал кудукка кум толуп, көөмп калды.

Ушул кундөн баштап Икрима менен Исламдын ортосунда жаңы бурулуш пайда болду…

Эгер ал мурда Ислам менен атасынын айтканы боюнча душмандык кылып, согушкан болсо, ал эми азыр болсо өч алуу жолуна түштү.

Аталары Бадрда өлгөн башка адамдар менен кошулуп Икрима бутпарастардын жүрөктөрүндө мусулмандарга жана Мухаммад (САВ)га болгон жек көрүү отун күйгүзө баштады. Ал курайштарда өч алуунун отун билгичтик менен үйлөп, алоолонтуп, Ухуд согушуна чейин алып келди.

Икрима Ибн Абу Жахл Ухудка жүрүш жасап согушка кирди. Аны менен кошо башка Бадрдагы күйөөлөрүнөн ажыраган аялдар менен кошо, аскерлердин артында туруп алышып, тамбуринде ойноп аларды шыктандырып туруш үчүн анын аялы Умм Хаким да чыккан. Алар курайш атчандарынын арт жагында турушуп, аларды артка качууларына тоскоол болуп турушмак эле.

Курайштар өзүнүн оң канатында Халид Ибн Балиддин жетекчилиги астындагы атчандарды жайгаштырышты. Сол канатта болсо атчандарга Икрима Ибн Абу Жахл башчылык кылмак болду. Ал убакта бутпарастар арасында булар эки эң мыкты чабандестерден эле, бул болсо Мухаммад(САВ) жана аны жактагандар менен болгон согушта тараза табагын курайштар жакка оодарышка шарт түздү. Бутпарастар чоң жеңишке жетишишти. Бул болсо Абу Суфиандын: «Бул силерге Бадр күнү үчүн», — деп айтканга себеп болду.

Аңдын жанындагы согушта бутпарастар Мединаны өтө көп убакытка чейин курчап алышып кармап турушту. Акыры Икрима бул курчап туруудан тажап, аңдын ичке жерин таап алып, өзүнүн атчан аскерлерин чабуулга баштап кирди. Жыйынтыгында мындай акылсыз аракеттен кийин Икримага жана бир нече анын адамына ал аңдан өткөнгө мүмкүнчүлүк болду, бирок бул урушта Амр Ибн Вудд аль-Амири кайтыш болду…

Икрима өзү болсо качып, кутулуп кетти.

Аль-Фатиха күнү курайштар Мухаммад(САВ) жана анын сахабаларына каршы салгылашка күчтөрү жетпесин билишип, мусулмандарды Меккеге кирүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү чечишти. Буга Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) өзүнүн аскерлеринин башчыларына Меккеликтерге каршы жооп ирээтинде гана
согушушка буйрук кылганга түрткү болду.

Ошондой болсо да Икрима Ибн Абу Жахл өз адамдарынан турган топ менен курайштардын жалпы чечимине каршы чыгып, чоң топтун башында туруп салгылашка кирди. Бул салгылашта Халид Ибн аль-Валид жеңилүүгө дуушар болду.

Икриманын жактоочуларынын кээ бирөөлөрү өлтүрүлүп, ал эми кээ бирлери болсо качып кетишти. Икрима Ибн Абу Жахл качып кутулгандардын арасында эле.

Ушундан кийин Икрима өтө кыйын ахыбалда калды… Мусулмандарга баш ийишип меккеликтердин баары андан тескери бурулуп кетти. Аллахтын Элчиси мурун ага каршы чыккан курайштардын баарын кечирди…

Бирок бул кечирим кээ бир тизмеленген адамдар тобуна
тиешеси жок эле. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) аларды, эгер алар Каабанын дубалдарын аркы жагына жашынып алышса дагы өлтүрүлүүгө өкүм кылды.

Бул тизмеде биринчи болуп Икрима Ибн Абу Жахлдын аты бар эле. Ошондуктан ал Меккеден жашыруун чыгып кетип, Йеменге багыт алды, анткени ошол жактан гана жашырына турган жай табууга үмүттөндү.


📍Ал убакта Икриманын аялы — Умму Хаким жана Абу Суфйандын аялы — Хинд Бинт Утба башка дагы он аял менен Аллахтын Элчисинин үйүнө ага ыйман келтиргендиги тууралуу ант бериш үчүн жөнөштү. Качан алар анын үйүнө киришкенде, Пайгамбар (САВ) менен кошо анын эки аялы, анын кызы Фатима жана Абд аль-Муталиб уруусунан башка да аялдар бар эле.

Паранжачан Хинд Пайгамбар (САВ)га кайрылды:

— Оо Аллахтын Элчиси! Биз үчүн ушул динди түшүргөн Аллахка мактоолор болсун. Мен сен өзүңдүн туугандарыңа жакшылык менен мамиле кылышыңа кайрылам. Мен чыныгы ьйман келтирген аялмын.

Анан ал жүзүн ачып мындай деди:

— Мен Хинд Бинт Утбамын, оо, Аллахтын Элчиси!

— Салам сага, — деди Аллахтын Элчиси(САВ).

Хинд сөзүн улады:

— Аллах менен ант берем, оо, Аллахтын Элчиси, бүткүл жер үстүндө сенин үйүңдөн да жек көргөн үй жок эле, ал эми азыр болсо бүткүл жер үстүндө сенин үйүңдөн сүйүктүүрөөк үй жок.

— Бул жетишсиз, — деди Аллахтын Элчиси (САВ). Андан кийин Умма Хаким Икрима Ибн Абу Жахлдын аялы дагы Ислам динин кабыл алып, мындай деди:

— Оо, Аллахтын Элчиси, Икрима сенден качып, өлтүрүп коёсуң деп коркуп, Йеменге кетти. Эгер сен аны кечире турган болсоң, анда Аллах сени кечирет.

Аллахтын Элчиси (САВ) ага мындай деп жооп берди:

— Ал коопсуздукта.

Икриманын аялы ошол замат эле византийлик кызматчысы менен аны көздөй жөнөдү. Алар бир топ жол жүрүшкөндөн
кийин кызматчысы аны ойноштук кылууга аракет кыла баштады. Умму Хаким ар кандай жолдор менен андан суранып, анын жабышуусун токтотуп жатты. Акыры алар арабдар отурукташкан жерге келип жетишип, Умму Хаким аларды жардамга чакырганда, алар кызматчысын байлап, өзүлөрүнө алып калышты. Аялдар андан ары жолун улашты. Акыры алар Икриманы кызьл деңиздин жээгиндеги Тихама аймагынан табышты. Ал мезгилде ал мусулман суучулу менен жеткирип коюусу тууралуу сүйлөшүп жаткан эле. Суучул аны:

— Ыймандуу бол, анан мен сени жеткизем, деп жатты.
— Кантип ыймандуу болом? — деп сурады Икрима.
— Айткын: «Аллахтан башка кудай жок жана албетте, Мухаммад -Аллахтын Элчиси». Икрима кыйкырып жиберди:

— Мен так ошондон качып келгенмин!

Алар ошентип талашып-тартышып жатышканда Икримага Умму Хаким келип, ага мындай деди:

— Оо, менин бир тууганым, мен сага эң жакшы, эң адилет, эң жоомарт адамдардан келдим.. . Мен алардын эн жакшысы — Мухаммад Ибн Абдулладан келдим.. . Мен андан сен учун коопсуздук сурадым. Ал сенин коопсуздугуңду камсыз кылды, сенин жаның аман калат.

— Сен аны менен суйлөштүңбү? — деп сурады Икрима.

— Ооба, — деди ал, — Мен аны менен сүйлөштүм, ал сенин коопсуздугуңа кепилдик берет.

Ошол күндөн баштап Ислам чакырыктарынын катары согуш талааларьнда эр жүрөк жана кайраттуу аскерлер менен мечиттерде болсо Аллахтын берилген кулдары Аллахтын Китебин берилип, жан дили менен окугандар менен толукталды. Курандын үзүндүлөрүнөн жүзүнө коюп, Икрима: «Менин Жаратуучумдун Китеби… менин Кожоюнумлун сөздөрү…» ‹ деди, Аллахтан үмүт кылып жана андан коркуп, буркурап ыйлады.

Икрима Аллахтын Элчисине берген убадасын беришендик менен аткарып жатты. Исламды кабыл алып, Икрима мусулмандардын баардык салгылашууларына да катышты. Кайсы журуш болбосун ал аскерлердин алдында жүрдү.

Ярмуктагы согушта Икрима ысык күндө каны катып суусаган адам сууга кандай жутунган болсо, так ошондой согушка жулунуп турду.
Качан мусулмандар согуштун биринде кыйын акыбалга келип калышканда‚ Икрима шашкан бойдон өзүнүн кылычынын кынын сындырып, византийликтердин так топтошкон жерине умтулду. Ага Халид Ибн аль-Валид жетип келип мындай деди:

— Икрима андай кылбагын! Эгер сен өлсөң, бул мусулмандар үчүн оор жоготуу болот.

Икрима:

— Мени жөн кой, Халид… Сен көптөн бери эле Аллахтын Элчисинин сахабасысың. Мен жана менин атам Пайгамбардын айгашкан душманы болгонбуз. Мага мурунку күнөөлөрүмдү Жууп кетиргенге уруксат бер, деди да, сөзүн улады, көптөгөн салгылаштарда мен Аллахтын Элчисине каршы согушканмын.

Эми эмне‚ мен бүгүн византийликтерден качышым керекпи?! ай эч качан болбойт!

Анан ал мусулмандарга кайрылды:

— Ким өлүмгө барганга даяр болуп, ант берет? Төрт Мусулман менен кошо өлгөнгө даяр болушуп Икриманын аталаш агалары аль-Харис Ибн Хишам жана Дырар Ибн аль Азвар дагы ант беришти. Алар душмандар менен Халиддин башчылык кылган жайы үчүн айыгышкан салгылашууга киришип, аны колдон чыгарышкан жок.

Качан Ярмук согушу мусулмандардын эн сонун жана ишеничтүү жеңиши менен аяктаганда, согуш талаасында акыйкат дин үчүн кансырап жараат алышкан үч аскер жатты: аль-Харис Ибн Хишам, Аййаш Ибн Абу Рабиз жана Икрима Ибн Абу Жахл. Аль-Харис суу сурады. Качан ага суу альш келишкенде, Икрима аль-Хариске карап:

— Анын суусундугун кандыргыла! деди.

Аль-Харис:

— Аййашка ичиргиле, деди.

Сууну Аййашка алып барышканда, анын о дүйнөгө кеткенин көрүштү..

Кайра сууну беркилерге ичирели деп келишкенде, алардын да жолдошунун артынан кеткендигин көрүштү. Аллах алардын

баарынан ыраазы болсун! Жана Аллах аларды эми эч качан суусабасы үчүн, бейиш
суусу Кавсар суусун ичирген болсун… Жана Аллах аларды бейиштин түбөлүк жап-жашыл болгон ыйык жайларында жайгаштырган болсун. 🤲🏻🤲🏻

📚»Сахабалардын өмүр баяны» китебинен.

Даярдаган: Зикиралла кызы Махарам

꧁ БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ ꧂

Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻

📲WhatsApp:
+996 771 822 202

📲+996 778 531 798

══════════════════
☪ OK.ru/Formulasy
☪ Fb.com/Formulasy
☪ T.me/formulakg
☪ Youtube.com/FormulaMediaKG
☪ Instagram.com/Formulasy
☪ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button