alternatetext Багымдат: 04:02 | alternatetextКүн чыгуу: 05:52 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыяты ишембилик өткөрдү

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыятында Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин №85-буйругунун негизинде ишембилик өткөрүлдү. Ишембиликте казыяттын идарасынын айлана-чөйрөсү тазаланып, арча, бак, гүлдөрдүн көчөттөрү отургузулду. Иш-чарага Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы  Жээнбеков баш болгон казыят кызматкерлери катышып, тазалык боюнча жарандарга түшүндүрүү иштерин дагы жүргүзүштү.

“Дин  кызматкерлери дайыма жаз айынын келиши менен мечиттерде  бак-дарактарды отургузуп, тазалык иштерин жүргүзүп келишет. Анткени  Пайгамбарыбыздын (с.а.в) хадистеринде “Алла Таала таза зат, тазалыкты жакшы көрөт”,  “Тазалык-ыймандын жарымы ”, “ Кайсыл бир мусулман бак отургузса, андан адамдар, жан-жаныбарлар, куштар жесе ал адамга кыяматка чейин садаканын сообу жазылат”,- деп айткан. Ошондуктан биздин дин кызматкерлер жаз айынын башынан эле тазалык,  көчөт отургузуу боюнча да жергиликтүү райондук жана шаардык мекеме-ишканалар менен биргеликте   ишембиликтерди өткөрүп, активдүүлүгүн көрсөтүп жатышат”,-деди облус казысы.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button