alternatetext Багымдат: 04:00 | alternatetextКүн чыгуу: 05:51 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:02 | alternatetextШам: 20:10 | alternatetextКуптан: 22:01
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Жалал- Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков жергиликтүү тургандар менен жолугушуп, Муфтият тарабынан чыккан фатваны түшүндүрүүдө

Жалал- Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков Жалал-Абад шаарындагы  Биби-Мариям мечитинде жергиликтүү тургандар менен жолугушуп, Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынан чыккан фатваны түшүндүрүп берди. Муну менен катар ысырапкорчулуктун алдын алуу керектиги айтылып, бул жаатта дин кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткандыгын баса белгиледи.

“Өлкө башчынын Жарлыгы өз учурунда болуп, элибиз туура кабыл алышууда. Акыркы учурларда эл арасында элибиздин салтында жок майрамдар чыгып, ысырапкорчулук болууда. Бул Алла Таалага жакпай турган иш. Келиңиздер жалпыбыз биригип ысырапты токтотолу, кайрымдуулук иштерин күчөтөлү”,-деди облус казысы.

Жолугушуунун соңунда облус казысы жергиликтүү тургундардын суроолоруна жооп берип, мамлекетибиз, элибиз үчүн дуба кылды.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button