alternatetext Багымдат: 04:00 | alternatetextКүн чыгуу: 05:51 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:09 | alternatetextКуптан: 22:01
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Доктор Салах «Имам аль-Бухарий» ислам институнун студенттери менен жолукту

Иорданиянын Эл аралык ислам илимдер университетинин «Ханафи, фикх» факультетинин деканы, доктор Салах Мухаммад Саалим Абу аль-Хаж илимий сапары менен Ош шаарына келди. Ал Ошко болгон сапарында алгач белгилүү ханафи аалымы Имам Сарахсинин күмбөзүн зыярат кылды. Андан соң, «Имам аль-Бухарий» ислам институтуна барып, окуу жайдын жамааты жана студенттери менен жолугушту. 

«Дүйнөгө белгилүү сунний аалымы доктор Салахдын Кыргызстанга, анын ичинде Өзгөнгө келишин тарыхый момент деп айтар элем. Азыр медреселерде окуп жаткан көптөгөн талабалар ушул кишинин сабактарын угушат. Дин кызматкерлери да баяндарында бул кишиге шилтеме жасашат», – деп билдирди облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев.

Жолугушууда мазхаб кармануунун артыкчылыктарына токтолгон доктор Салах, «Мазхаб кармануу өтө зарыл маселе. Бардык фитналар мазхабсыздыктан келип чыгууда. Силер акыйдада матуридиликти, амалда ханафиликти бекем кармангыла», – деди. Ал мындан сырткары кыздарды тереңдеп илим алууга чакырды.

Эскерте кетсек, доктор Салах бул сапарынын алкагында Ош шаарынын «Сулайман-Тоо», Алай атындагы «Бухарий» жана ошондой эле «Имам Хасан» мечиттеринде баяндама жасайт.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button