Жаңылыктар
Эң мыкты
Депутат: 18 жаштагы кыздарды ата-энелери же күйөөсү жок чет өлкөгө жөнөтүүгө тыюу салыш керек
Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов 18 жаштагы кыздардын чет өлкөгө чыгуусуна айрым чектөөлөрдү киргизүүнү сунуштады.
Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов 18 жаштагы кыздардын чет өлкөгө чыгуусуна айрым чектөөлөрдү киргизүүнү сунуштады. Тагыраагы, эл өкүлү бүгүн, 9-июнда парламентте миграция маселесин көтөрүп, кыздарды чет өлкөгө ата-энелердин коштоосунда жиберүү керек дейт.
«18-20 жаштагы кыздарды чет өлкөгө ата-энелери менен жиберсек же болбосо турмушка чыккандан кийин барса… Миграция кызматы бизге тиешелүү маалыматтарды берсин. Бул жааттагы мыйзамдарды карап чыгыш керек», — деди ал.