alternatetext Багымдат: 04:00 | alternatetextКүн чыгуу: 05:51 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:09 | alternatetextКуптан: 22:01
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

БТК төрагасы Бакыт ажы Нурдинов Талас облусундагы казыяттын, хатибияттардын жана мечиттердин мүлкүнүн каттоосун текшерди

Кыргызстан мусулмандарынын Борбордук Текшерүү комиссиясынын төрагасы Бакыт ажы  Нурдинов иш сапары менен Талас облусунун мусулмандарынын казыятына келип, казыяттын, шаардык, райондук хатибияттардын жана мечиттердин мүлкүнүн туура катталгандыгын текшерди.

БТК төрагасын облустун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев кабыл алып, диний объектилердеги мүлктөр вакф экендигин баса белгилөө менен милдеттүү түрдө инвентаризацияланышы керектигин билдирди.

Ал эми БТК төрагасы мечиттин мүлкү элдин жана Кудайдын алдында  чоң аманат экенин белгилеп, аманатка бекем болууга чакырды.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button