33.1 C
Bishkek
16.06.2025
ВидеоЖаңылыктарТарбия

Өспүрүмдөрдү ажалга түрткөн оюн

Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунда жашаган сегизинчи класстын окуучусу, 5-кабаттын терезесинен боюн таштап, көз жумду. Бул маалыматты Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тастыктады. Бирок себеби белгисиз. Ал арада милиция ата-энелерге кайрылып, интернеттен балдарды өлүмгө жетелеген “Көк кит” деген виртуалдык оюнга азгырылып кетпешин көзөмөлгө алууга чакырды.

1-февралда таңкы саат 4-5тин ортосунда чыгыш-5 кичи районунда өспүрүм 5-кабаттан боюн таштаган. Кырсык болгон жерди милиция тосмого алды. Өспүрүмдүн өз өмүрүнө кол салуусунун себеби азырынча белгисиз. Баланын энесинин айтымында, анын бөлмөсүндө телефону калган. Бирок аны ача алышкан эмес. Телефонду милиция алып кетти.

Буга чейин Кыргызстанда айрым өспүрүмдөр социалдык тармактарда «көк кит», «тынч үй», «мен оюндамын», «мени 4:20да ойгот» деген хештегди таратып башташкан. Орусиянын укук коргоо органдары жашы жете электер арасында өмүрүнө сол салуунун себепчиси ушул каргашалуу оюндар экенин ишенимдүү айтууда. Оюнга аралашкандарга 50гө жакын түрдүү тапшырмалар берилип, акыркысы өз өмүрүңө кол сал деген буйрук менен аяктайт экен.

Балдардын бул оюнду ойноп жаткандагы алгачкы белгилери — кайгыга батып, ачууга алдырат. Колу же дагы башка нерсе менен бетин жаап жазганып, көбүнчө сөөмөйүн жаңсап кыймылдап калышат. Бишкектин башкы психиатры Кеңеш Үсөнов мугалимдерди балдардын кылык-жоруктарына көңүл буруп, ата-энелер менен чогуу аракет көрүүгө чакырды.

Өлкөнүн билим берүү министрлиги, мектеп директорлоруна тапшырма берип, ата-энелерге балдары кайсы сайттарга кирип жатканына тыкыр көз салышы боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Милиция ата-энелерге кайрылып, балдарды “Көк кит” аталган виртуалдык оюнга азгырылып кетпешин көзөмөлгө алууга чакырды. Адистердин айтымында, аталган опурталдуу оюн балдардын аң-сезимине терс таасир тийгизип, өз жанын кечип жибергенге чейин жеткирет. Милиция кызматкерлерине эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдеттендирилди.
Ата-энелерге балдары колдонгон смартфон жана планшеттерди карап, кайсыл сайттарга кирип жатканын текшерип туруу сунушталды. Күч тармагындагы иликтөөчүлөр эгер бала профилинде сүрөттүн ордуна ар кандай сандарды коё баштаса, кооптуу кырдаал жаралып калганы. Дароо көңүл буруп, бала менен сүйлөшүңүз деп айтууда.

КТРК

https://www.youtube.com/watch?v=BOUrO7WGc-8

Related posts

Атактуу мушкер Василий Жиров исламды кабыл алды

admin

Кыргызстан Орозо айтты эмнеге 5-июнда белгилейт? Эки ача ойлорго түшүндүрмө.

admin

«Яжуж Мажуж туурасында»

Адилет Сыдыков

7 комментарий

Мика 02.02.2017 at 16:58

Кудай сактасын. Балдарынарга телефон карматпай эле коюш керек болуп калды

Reply
Burulsun 03.02.2017 at 17:39

Балдарга 16же 18жашка чейин кымбат балуу интернетке кируучу телефон планшеттерге закон турундо тыйуу салса баары жакшы болсо керек ата энеси менен кайсыл жерде журот кабарлашып чалышып турууга эн жонокой телефонун колдонууга кана уруксат беруу керек 18жашка чейин

Reply
Адилет Сыдыков 03.02.2017 at 23:27

Ооба, туура айтасыз. Жөнөкөй телефон көтөрсө эле жетиштүү ошол.

Reply
Nurzat 04.02.2017 at 15:34

Kudai saktasyn oor zamanda tuura tarbiya korsotolu

Reply
туратбек 16.02.2017 at 22:58

Туура айтасыздар 18 жаштан ойдосуно телефон берсе болот андан ылдыйына таккыр телефон карматбаш керек себеби телефондон даагы башка нерселерге кетип калышы мумкун ошол учун мен айтат элем мектеп окуучуларына телефонду кармоого урусаат бербеши керек ата энелер

Reply
Nurzat 11.02.2017 at 18:15

Жомок бул

Reply
Уммул Сафа. 13.02.2017 at 00:07

Мен дагы ошол пикирга кошулам. Еч качан жаш балдарга интернетке киратурган телефон алыб бербеш конек.

Reply

Leave a Comment