alternatetext Багымдат: 04:04 | alternatetextКүн чыгуу: 05:53 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

БТКнын төрагасы Бакыт ажы Нурдинов Ош шаарынын дин кызматкерлери менен жоолукту

Бүгүн, 27- сентябрь күнү БТКнын төрагасы Бакыт ажы Нурдинов Ош облусуна жасаган расмий иш сапарынын алкагында Ош шаарынын жалпы дин кызматкерлери менен борбордук «Имам аль Бухари Алай» мечитинде жыйын өткөрдү.

Жыйында мечиттердин мүлктөрүн каттоодон өткөрүү тартиби боюнча түшүндүрмө берилди. 

«Мечиттин мүлктөрү жеке менчик эмес, аманат экенин тастыктаган инвентаризация болуп саналат«,- деди Бакыт ажы Нурдинов.
Ошону менен бирге дин кызматкерлери инвентаризациялоо боюнча бир канча суроолорун беришип, татыктуу жооп ала алышты.

Жыйынга казыят кызматкерлери, Ош шаарындагы жалпы мечит имамы, наиб имамы (орун басары) жана мутавали (бухгалтер) катышты.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button