Биздин сайтыбызда иштөөнү жакшыртуу үчүн cookies колдонобуз. Биздин эрежелерге макулсузбу?
Макулмун
Formula.KGFormula.KG
  • Башкы бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Суроо-Жооп
    • Даарат
    • Намаз
    • Орозо
    • Зекет
    • Ажылык
  • Аңгемелер
    • Таасирдүү окуялар
    • Өрнөктүү өмүрлөр
    • Турмуш таалимдери
    • Эне жөнүндө
    • Тарбия
  • Рубрикалар
    • Мультимедиа
      • Фото
      • Видео
      • Аудио
    • Ден-соолук
    • Китептер
    • Атактуулар ааламы
    • Пайдалуу кеңештер
    • Ырлар
  • Жардамчы
    • Намаз убактылары
    • Орозо календары
    • Мечит жана намазканалар
    • Кыргызстандагы медреселер
Окулуп жатат: Эне
Бөлүшүү
Эскертмелер Көбүрөөк көрсөт
Аа
Formula.KGFormula.KG
Аа
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Суроо-Жооп
  • Намаз убактылары
  • Башкы бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Суроо-Жооп
    • Даарат
    • Намаз
    • Орозо
    • Зекет
    • Ажылык
  • Аңгемелер
    • Таасирдүү окуялар
    • Өрнөктүү өмүрлөр
    • Турмуш таалимдери
    • Эне жөнүндө
    • Тарбия
  • Рубрикалар
    • Мультимедиа
    • Ден-соолук
    • Китептер
    • Атактуулар ааламы
    • Пайдалуу кеңештер
    • Ырлар
  • Жардамчы
    • Намаз убактылары
    • Орозо календары
    • Мечит жана намазканалар
    • Кыргызстандагы медреселер
Авторизация Кирүү
Катталыңыз
  • Advertise
© 2022 FormulaMediaGroup. All Rights Reserved.
Formula.KG > Blog > Рубрикасыз > Эне
Рубрикасыз

Эне

Avatar
Жаңыланды: 2020/04/20 at 10:54 ТЧ
Бөлүшүү
- Advertisement -

Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен баштайм!
Пайгамбарыбыз Мухаммад САВга салам-салаваттар болсун!
“Эне”
✏…Аят: “Биз адам баласына өз ата-энесине жакшылык кылууну буйрудук. Энеси аны алсыздыктын үстүнө алсыз болуп (миң бир азап менен) көтөрөт. Баланы эмизүү мөөнөтү эки жыл. Ошондуктан Биз буйруганбыз: “Мага шүгүр
келтир жана ата-энеңе ыраазы бол! Жалгыз Өзүмө кайтасың!”-деп” (Лукман; 14).
✏…Хадис: “Күндөрдүн биринде бир киши Пайгамбарыбыз САВга келип:
– Оо, Аллахтын элчиси! Мен эң алгач кимге жылуу мамиле жасайын? – дейт. Пайгамбарыбыз:
– Энеңе – деп жооп берет. Тиги адам:
– Андан кийин кимге? – деп сурайт. Пайгамбарыбыз:
– Энеңе – деп жооп кайтарат. Тиги адам кайра:
– Андан кийин кимге? – деп сурайт. Пайгамбарыбыз дагы:
– Энеңе – дейт. Тиги адам суроосун төртүнчү жолу кайталап:
– Андан кийин кимге? – дегенде, Пайгамбарыбыз:
– Андан соң атана, – деп жооп берет.”
(ал-Кафи, 2-том, 159-бет)
✏…Окуя: “Энеге болгон кызмат”
Байыркы өткөн заманда эки бир тууган жашап өткөн экен. Энеси алардын кызматына муктаж болгондуктан, күн сайын кечинде алардын бирөөсү энесине жардам берип, экинчиси Аллах Таалага ибадат кыла турган. Бир күнү Аллах
Таалага ибадат кыла турганы: – Бул түнү да сен жардам бер, а мен болсо ибадат кылайын, – дейт.
Бир тууганы анын сунушуна макул болот. Ал ибадат кылып жатканда саждада көзү илинип кетет. Түшүндө ага:
– Бир тууганыңды кечирдик. А сени болсо анын урматы үчүн кечирдик – деген үн угулат. Ал:
– Мен Аллах Таала үчүн ибадат кылып жатам. Ал эми ал энеме эле жардам берип жатат. Ошого карабастан анын(энеме кылган кызматынын) урматы үчүн мени кечирип жатасыңар. Бул кандайча? – дейт. Анда бериги үн:
– Ооба, сенин Бизге кылган ибадатыңа биздин эч кандай муктаждыгыбыз жок. А бир тууганыңдын энеңе кылган кызматына энеңдин муктаждыгы бар, – деп жооп берген экен.
?”Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя” китебинен
?”Бактылуулук формуласы”

//

The post Эне appeared first on FORMULA.KG.

October 15, 2015 at 12:27PM

- Жарнама-
АЧКЫЧ СӨЗДӨР: Без рубрики, бир тууган, Мухаммад САВ, Эне
15.10.2015
Макаланы бөлүшүңүз
Facebook Twitter Whatsapp Whatsapp VKontakte Telegram Шилтемени көчүрүү Басып чыгаруу
Мурдагы макала Перзент
Кийинки макала ЭНЕ ЖҮРӨГҮ
Пикир калтырыңыз Пикир калтырыңыз

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Formula.kg — Диний, руханий, маданий агартуучу порталы

Катталыңыз
© 2022 FormulaMediaGroup
Ассаламу алайкум!

Авторизация

Сырсөздү унттуңузбу?