alternatetext Багымдат: 04:16 | alternatetextКүн чыгуу: 06:02 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Бишкек шаарынын казысы Самидин кары Атабаев мурдагы Муфтий Абдусаттар ажынын уулу Джаббор ажы Мажитовдун ааламдан өткөндүгүнө байланыштуу үй-бүлөсүнө көңүл айтты

Бишкек шаарынын казысы Самидин кары Атабаев Абдусаттар уулу Джаббор дамбылланын каза болгондугуна байланыштуу жакындарына көңүл айтты:

Дамыллабызды Аллах рахматына алган болсун. Чындыгында баарыбыз аны эң жакшы кулк- мүнөзгө ээ болгон момун мусулман катары тааныйт элек. Тагдырына мына ушундай жазылган экен, баарыбыздын жүрөгүбүздү сыздатып, бул жалган дүйнө менен кош айтышып кете  берди. Арабызда эле жүргөн жакшы адамдардан айрылуу чындыгында кыйын нерсе. Жакындарына, тууган урук жана уул кыздарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Күндөрдүн султаны болгон Жума күнү чыныгы сапарга аттанды. Кудай Тааладан суранарыбыз түбөлүк жашоосунда бейишинен орун берген болсун.

Абдусаттар уулу Джаббор Максым дамылланын жаназасы бүгүн, 13-август күнү саат 14.00дө Бишкектин Ала Тоо конушундагы «Рашид Сайид» мечитинде окулат.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button