alternatetext Багымдат: 04:00 | alternatetextКүн чыгуу: 05:51 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:02 | alternatetextШам: 20:10 | alternatetextКуптан: 22:01
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Бишкекте өтүүчү кыз-келиндер аралык Республикалык Куран жарышына Ош шаарынан 2 талапкер ат салышат

Бүгүн, 22-декабрь күнү Ош шаардык казыяты Республикалык Куран жарышына тандоо турун өткөрүп, анын алкагында 26-декабрь күнү боло турган финалдык беттешке катышууга жолдомо 2 жеңүүчүгө берилди.

Финалга «Сайида Хадича» медресесинин студенти Сабирова Сажида  30 пара Курандан ат салышса, «Козу кызы Бурмакан» атындагы аялдардын диний окуу борборунан Артыкова Умида  15 пара боюнча катышат.

Эскерте кетсек, 26-декабрь күнү Бишкек шаарындагы «Имам Сарахсий» мечитинде Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана «Куран Ордо» диний уюму тарабынан уюштурулган Республикалык Куран жарышы айымдардын арасында өтмөкчү.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button