alternatetext Багымдат: 04:14 | alternatetextКүн чыгуу: 06:00 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:57 | alternatetextШам: 20:01 | alternatetextКуптан: 21:49
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Балыкчы шаарынын баш имам-хатиби Чойбек ажы Исакунов калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Балыкчы шаарынын баш имам-хатиби Чойбек ажы Исакунов  үй-бүлөлүк салтанаттарды, аш-той жана маркумду акыркы сапарга узатуудагы   ысырапкорчулукту жоюу жана тартипке келтирүү максатындагы шаар тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

“Ысырапкорчулукту тартипке келтирүү боюнча өлкө башчыбыздын жарлыгын жана КМДБ тарабынан чыгарылган фатаваны жеткирүү максатында ар бир имамга тапшырма берилип, бүгүнкү күндө түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Маркумду шариятка ылайык акыркы сапарга узаткандан кийин бир күндү белгилеп эмес, карыз албай, шартына жана социалдык абалына жараша ихсан кылуу, сооп иштерди аткаруу талапка ылайык экендигин айтуудабыз”,-деди Балыкчы шаарынын  баш имам-хатиби Чойбек ажы Исакунов.

Муну менен катар Балыкчы шаарынын  баш имам-хатиби   кыргыз элинин  үрп-адаттары аябай кооз экендигин айтып, ошол эле учурда үнөмдүү жашоого чакырды.

“Кадырман кыргыз элинин  үрп-адаттары аябай кооз. Бирок, биз үнөмдүү жашоого багыт алып, элибиздин социалдык-экономикалык абалын оңдошубуз маанилүү.  Аза күтүүгө шариятыбыз үч күнгө гана уруксат берген.  Ал күндөрү жаназага келе албагандар мусийбат (аза) жеткен үйгө келип, маркумдун жакындарына  таъзия (көңүл айтуу) билдирип кетсе болот. Бирок бир жолу таъзия билдирген адам мусийбат жеткен үйгө кайра келүүсү шарт эмес. Шариятыбызда ысырапкерчиликке, текеберленүүгө, мактануу жана эл көрсүн, уксун үчүн болгон амалдарга сооп жазылбайт жана тыюу салынган”,-деди баш имам-хатиб.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button