alternatetext Багымдат: 03:59 | alternatetextКүн чыгуу: 05:49 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:02 | alternatetextШам: 20:10 | alternatetextКуптан: 22:03
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Балыкчы шаарында Чернобыль апааты эскерилип, анда дин кызматкери Дүйшөнкадыр Өмүракуновго»Чернобыль баатыры» төш белгиси тапшырылды

Бүгүн, 27-апрелде Балыкчы шаарында Чернобыль апаатынын 35 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасы болду. Ага ардагерлер жана мамлекеттик кызматкерлер, шаар тургундары катышып, Чернобыль апаатынын көз жумгандарга багышталып Куран окулду.

Эскерүү иш-чарасынын алкагында Балыкчы шаарынын «Анас» мечитинин имамы, Чернобыль АЭС апаатынын ардагери Дүйшөнкадыр Өмүракуновго Украинадагы Чернобыль борбордук союзунун президенти В.А. Гришиндин «Чернобыль баатыры» төш белгиси тапшырылды.

Бул каргашалуу окуянын катышуучулары ири апаат тууралуу эскеришип, ага катышкан кыргызстандыктардын эрдикке тете аракеттерин жогору баалашты. Ошондой эле мамлекетибизде тынчтык, ынтымак жана биримдик болушун Жараткандан тилеп, дуба кылышты.

Эске сала кетсек, 1989-жылдын 26-апрелинде Чернобыль атомдук электр станциясынын 4-блогунда жарылуу болуп, ага Кыргызстандан 4 миң 800 адам барып катышкан. Ал эми Балыкчы шаарынан 12 ардагер катышкан.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button