alternatetext Багымдат: 04:06 | alternatetextКүн чыгуу: 05:55 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:00 | alternatetextШам: 20:06 | alternatetextКуптан: 21:58
Рубрикасыз

Аялыңыз неге соолуп бара жатат?

Аялыңыз неге соолуп бара жатат?

🥀АЯЛЫНЫЗ НЕГЕ СООЛУП БАРА ЖАТАТ?

✍🏻Баштапкыдай эмес, аялыныздын тез ачуусу келип, сизге деген көңүлүнүн сууп бара жатканын байкайсызбы? Анда төмөндөгү кенештериме кулак төшөнүз:

1. Биринчиден, сиз аялыныз менен жакшылап отуруп сүйлөшпөйсүз. Бул чындык ал дейсиз, бул дейсиз бирөөлөрдүн көйгөйүн чечесиз,
сырттагы жумушту иреттейсиз, болбой калса телефон чукулайсыз. Аялыныз сураса жүрдүм-бардым жооп бересиз. Чарчаганынызды айтасыз.Телеберүү көрүүгө ашыгасыз. Натыйжада баарын жайлап койуп, аялыныз менен сырдашууну үмүт кылып калтырас.

2. Экинчиден, сиз сырткы турпатынызга маани бербейсиз. Белгилүү сахаба ибн Аббас (ра) айтат эле:»Мен аялымдын мен үчүн жасанганын жакшы көргөнүмдөй мен да ошол үчүн жасанам». Чынында эркектин аялынын купулунан чыгууга аракет жасоода -жөнөкөй эле амал.Ошондуктан өн-келбетинизди, чачтарынызды иреттеп жүрүңүз. Үйгө келгенде
жуунуп тазаланыныз.Кийиминизге маани бериниз.

3. Үчүнчүдөн анын ички жан дүйнөсүнө кызыкпайсыз. Жубайлардын сөзү көбүнчө бала-чаканын жайы, азык-түлүгү, отун-суусу дегендей турмуштун ар түрдүү сөздөрү. Алар бири-биринин жан дүйнөсүндө кандай өзгөрүштөр болуп жатканын түшүнбөгөндүктөн араларында келишпестик пайда болот. Өзүнүз ойлонуз аялыныздын нени каалап нени унутпай жүргөнүн билбесеңиз сиз ага кандай жакшы күйөө болуп бересиз?

4. Төртүнчүдөн романтикага жол бербейсиз. Эсиңизге тушуруңуз, экөөңүз алгачкы таанышкан күндөр кандай эле? Алгачкы жолу ага айткан сөзүңүзчү?Ал да табышмак сизда табышмак. Бири-бириңиз үчүн купуясы ачылбаган сандык сыяктуу бири-бириңизге күлүмсүрөп карап жүргөн кездер кандай таттуу эле? Негизинен бул бакытты кармап туруу эң алды менен Аллахтын андан соң сиздердин колуңузда. Алла аракетке карай берекет берет.Күтпөгөн белектер жылуу сөздөр мунун баары махабат отунун кайра тутанусуна себеб болот.

5.Ал-үйдөгүлөрдүн курсагын тойгузуп туруучу жалгыз адам. Негизинен үй-иши аял кишинин мойнунда болгону менен күнүнө бир нече жолу тамак кылып, ата-эненин көнүлүн алып, тууган уруктун көңүлүнө жагуу бир канча энергия талап кылынышын моюнга алуу керек.Аял киши тамак жасоо аркылуу ырахаттанат. Анда өзүнө билинбеген гормондор пайда болот.Табиятында да назиктигин сактайт. Андыктан ага бир жумуртка кууруп берсеңиз же болбосо бир жерге алып барып тамактансаңыз ал канчалык кубанат.

6.Аялыңыз үйдөгү атанын да эненин да ролун өзү аткарып жүрөт.Сиздин балаңыз жетим эмес, анын атасы да апасы да бар.Негизинен ошондой бирок сиз чындыгында кандай экенин ойлонуп көрдүңүзбү.Бала бир нерсени бузса жаман иш кылса, балага карабайсыңбы?бул сенин тарбиян деп ачууланабыз. Эркек сыртта үй-бүлө багам деп жүргөнү чын бирок бул балага ата тарбиясын бербейт деген сөз эмес.

7.Ага жылуу сөз камкордук жетиштүү. Аял кишинин табияты жылуулукту талап кылат.Алатоого чыгарганды эмес алаканда кармаганды каалайт. Аялды эркелетүү, анын кийимине, тамагына жакшы сөздөрдү айтуу гүлгө суу куюу сыяктуу. Эгер убагында куюлбаса күн өткөн сайын соолуп калат.Ошондуктан эркек үйгө келгенде чарчаганын унутуп аялына көнүл буруп жылуу сөз айтып туруу керек.

8.Кандай мезгилде ага тынчтык керек. Кез келгенде балдарды эс алууга жөнөтүп аны өз-өзү менен калууга, ага эркин эс алууга мүмкүндүк жаратып берүү керек.

9.Өз сөзүнүздүн тууралыгын билдирүү үчүн ага күч колдонуунун кажети жок. Акылдуу эркек акылын иштетип аялына эмне туура эмне туура эмес экенин жөнөкөй жол менен түшүндүрөт.

10.Бардык жоопкерчиликти анын мойнуна илип койуу аялды ачуулантат. Сиз үйдө телефон карайсыз, телевизор көрөс а аялыныз үй чарбасы менен башы катыйт. Анын натыйжасында аялынызда неге ал дем алып жатат? Неге мен баарын кылышым керек? деген ой жаралып катуу ачууга алдырышы мүмкүн.Ошондуктан үйдөгү иштердин баарын мен келгенче бүтүрүүгө аракет кыл деп сураныныз да келгенден сон бирге отуруп дем алыныз.

«Үй-бүлө болуу аял-эркектин бири-бирине карап отуруу дегени эмес бир багытта кароо» деген сөз бар.Бул кенештер өтө жөнөкөй жана оной көрүнүшү мүмкүн.»Ээлебеген бутак көз чыгарат»дейт. Арадагы келишпестикти жоюуп, сезимдерди сугарууна шундай жөнөкөй нерселер себеб болот. Үй-бүлө ал да чон мамлекет.Ата-эненин тынчтыгы да дал ушул үй-бүлөдөгү тынчтыктан көрүнөт. Ошондуктан бири-бирибизди түшүнүп жашоого бардык күчүбүздү жумшайлы.

🧕Жылдыз Муслима.

꧁ БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ ꧂

Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻

📲WhatsApp:

📲+996700334493

+996 778 531 798

══════════════════
☪ OK.ru/Formulasy
☪ Fb.com/Formulasy
☪ T.me/formulakg
☪ Youtube.com/FormulaMediaKG
☪ Instagram.com/Formulasy
☪ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button