alternatetext Багымдат: 04:00 | alternatetextКүн чыгуу: 05:51 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:02 | alternatetextШам: 20:10 | alternatetextКуптан: 22:01
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Нарында дин аалымдарынын катышуусунда «Адамзат Сени Даңазаласын» аттуу ыйман кечеси өттү

Нарын облусунун мусулмандар казыяты жана Адеп Башаты диний уюму «Адамзат Сени Даңазаласын» аттуу ыйман кечесин  Нарын драма театрында уюштурду. Ыйман кечесине Нарын облусунун казысы Эрик ажы Молдокулов, Нарын облусунун экс-казысы Мамбетасан ажы Ибраев, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Марс ажы Ибраев, Адеп Башаты диний уюмунун Нарын филиалынын жетекчиси Алтынбек Жумалиева жана бийлик өкүлдөрү катышышты.

Ыйман кечесинде Куран окулуп, таасирлүү баяндамалар айтылып, Пайгамбарыбыздын оозунан чыккан куттуу хадистери байма-бай айтылды. Муну менен катар адамга мисал бере турган сахналаштырылган турмуш сабактары коюлду.  Ушул эле күнү  Нарын облустук казыяты тарабынан уюштурулган «Азирети Фатима–аруулуктун өрнөгү» аттуу китеп окуу сынагынын жыйынтыгы да чыгарылып, катышуучулар сыйланышты.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button