alternatetext Багымдат: 04:04 | alternatetextКүн чыгуу: 05:53 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 21:58
Макалалар

Аллахка жакын болууну каалайт белеңиз?

Аллахка жакын болууну каалайт белеңиз?

🤗АЛЛАХ МЕНЕН ЖАКЫН БОЛУУНУ КААЛАЙТ БЕЛЕҢИЗ?!

✍🏻Жакшы дене мүчөңүздү кыйнаган жалкоолук отун өчүрүү үчүн даараттын сыйкыр суулары менен жууп чыгыңыз. Андан кийин тынч бөлмөгө кирип кыблага карап жалгыз өзүңүз Аллах менен жеке калыңыз.

Күндүз болсун, мейли түндө болсун барыбир. Тек гана өзүңүз гана. Жүрөгүңүздү, ойлоруңузду туурулап Аллага болгон ишенимиңизди бекемдеп, үмүтүңүздүн шамын өчпөй тургандай жандырыңыз. Бар билген мактоолорду Аллага айтып, Пайгамбарыбыз (салаллооху алейхи васаллам) га салаваттарды айтыңыз. Добушуңузду ичтен болсун же сырттан чыгарып болсун Аллах менен сүйлөшөңүз. Өзүңүздү Жалгыз бир гана Ал жардам Берүүчүңүз, чыныгы Камкорчууңуз, бул дүйнөдө Коргоочууңуздун алдында олтурамын деп эсептеңиз. Сүйүкттүү аары Мээримдүү Аллах менен биргемин деп ойлоңуз. Чындыгында Аллах дайыма сиз менен бирге.

Андан соң ичиңиздеги жакшы -жаман, сырларыңыздын менен бүт арман -өкүнүчтөрүңүздүн баарын ачык -ачык сырдашыңызга айткандай айтыңыз. Билип -билбей кылган күнөөлөрүңүздүн кечирилишин сурап, кыйынчылыгыңызга жеңилдик, кубанычыңызга шүгүр тилеп Жардам сураңыз. Чын жүрөктөн берилип жүрөгүңүз менен тилиңиз бирге сүйлөсүн ошондо Алланы өзүңүзгө жакын экенин сезесиз. Кандай көзүңүздөн сүйүүнүн жаштары чыкканын, солкулдап жан дүйнөңүз жарып нурга бөлөнгөнүнө таң каласыз. Бетиңизди колдоруңуз менен басып ыйлайсыз. Катып калган көзүңүздүн пардасын ачкан жашыңыздын тамчылары тизеңизге тамганына күбө болосуз. Бул дегени Аллага болгон махабат болот.

Чынында ишенбесеңиз өзүңүздү сынап көрүңүз намаз окуган болуңуз, окубаган болсоңуз да. Мүмкүн андан кийин жүрөгүңүздө Аллага болгон ишенимиңиз чың алып, чыныгы ыймандын даамын татаарсыз..

🧕🏻 Которгон: Насиба Абдуллаева.

꧁ БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ ꧂

Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻

📲WhatsApp:
+996 771 822 202

📲+996 778 531 798

══════════════════
☪ OK.ru/Formulasy
☪ Fb.com/Formulasy
☪ T.me/formulakg
☪ Youtube.com/FormulaMediaKG
☪ Instagram.com/Formulasy
☪ WWW.FORMULA.KG

https://www.instagram.com/p/CBcW6uth-mV/?igshid=qjsgcosmbwo5

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button