alternatetext Багымдат: 04:02 | alternatetextКүн чыгуу: 05:52 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
ЖаңылыктарКоомМакалаларРубрикасыз

Каракол шаарынын хатибияты 40 муктаж үй-бүлөгө «Рамазан баштыкчасын» таратты

.
Үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде «Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы» жана «Assanabil» фондунун демөөрчүлүгү менен Каракол шаарындагы 40 жакыр үй-бүлөгө кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлдү.

Мынды ар бир үй-бүлөгө 2500 сомдук азык-түлүк жеринде таратылды. Ар бир баштыкта 10 кг ун, кумшекер, өсүмдүк майы, күрүч, кесме, шириндиктер жана башка азык-түлүктөрдү түздү.

Мындай кайрымдуулук иш-чаралар дагы да уланаарын, садака берүүнүн сообу эбегейсиз чоң экенин баш имам хатиб Талант ажы Сабриков билдирди.

«Куттуу хадисте минтип айтылат: «Садака 70 түрдүү балээге тоскоол болот» (Суютии, Жамиус Сагир, II, 52). Өзгөчө Ыйык Рамазанда берилген садаканын сообу жогору. Андыктан бири-бирибизге кол суналы»,-деди Сабриков.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button