alternatetext Багымдат: 03:37 | alternatetextКүн чыгуу: 05:36 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:10 | alternatetextШам: 20:23 | alternatetextКуптан: 22:24
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Алибек Акпарали уулу: Адамдын жаны аманат болгондуктан, динибизде ден соолукту сактоо парз

Ош облустук СПИДге каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунун  демилгеси менен Ош шаарындагы «Sun Rise Osh» мейманканасынын жыйындар залында дин кызматкерлеринин катышуусунда СПИДке каршы күрөшү боюнча тегерек стол өткөрүлдү. 

Иш-чаранын жүрүшүндө дин кызматкерлери СПИДдин жугуу жолдорунан бири болгон зынаа (никесиз катнаш) боюнча бир канча кеп-кеңештерин айтышты. 

«Эл арасында дин кызматкерлери зынаанын кесепети жана шарияттагы орду боюнча түшүндүрүү иштерин дайыма жүргүзүп келет. Ден соолук аманат. Андыктан ар бир жаран Жараткандан коркуу менен ыплас иштерден оолак болуусу маанлиүү. Ооруну даарылоодон мурда, анын алдын алган жакшы. Адамдын жаны аманат болгондуктан, динибизде ден соолукту сактоо парз болуп саналат»,-деди Алибек Акпарали уулу.  

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button