alternatetext Багымдат: 04:02 | alternatetextКүн чыгуу: 05:52 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Алибек ажы Жусупов: Ислам аялзатынын кадыр-баркын көтөргөн

Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов эрте куракта турмуш курууга жол бербөө жана үй-бүлөлүк зомбулуктардын алдын алууга багытталган тегерек столго катышты. Тегерек столдо аялзатынын үй-бүлөдөгү жана коомдогу ролу, укук жана милдеттери, стереотиптер жана баалуулуктар талкууланды.

«Ислам диниине чейин аялзатына өтө начар мамиле жасалган. Качан гана улуу динибиз келгенде аялзатынын кадыр-баркы көтөрүлдү. Пайгамбарыбыздын «Бейиш энелердин таманынын алдында», «Кимде-ким үч кызды чоңойтуп, мыкты тарбиялап, турмушка узатса, ал адамга бейиш бар»; «Оо Алла, чындыгында мен эки алсыздын –жетим менен (жесир) аялдын акысын жегенге тыюу салдым!», – деген маанидеги хадистери буга далил»,-деди облус казысынын орун басары.

Эскерте кетсек, аталган иш-чара «Даткайым» фонду тарабынан өткөрүлүп, ага жарандык коомдун өкүлдөрү, активисттер, мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин мүчөлөрү ж.б. катышты.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button