alternatetext Багымдат: 04:31 | alternatetextКүн чыгуу: 06:12 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:38
РубрикасызСуроо-Жооп

Тарбиялык мааниси бар киного тартылса болобу?

1) Чиркөөнүн курулушунда иштесе болобу? Талас, Аман.

Жооп: Церковь дегенибиз кыргыз тилинде “чиркөө” деп айтылат эмеспи. Чиркөөнүн курулушуна иштөө туурасында аалымдар ортосунда төрт пикир айтылат:

  • Кимде-ким чиркөө курса, ыймандан чыгып каапыр болот. Имам Абул Хасаналь Ашьарийдин айтат: “Мусулман пендесинин чиркөө куруусу–куфурлук.Аткарган жумушу куфурлукту каалагандыгынын далили болгондуктан, чиркөө куруу амалы куруучу адам үчүн “ридда” (динден чыгуу деп саналат)”.Имам Караафийдин “аль Фуруук” китеби, 4447. 
  • Чиркөө куруу- арам.Чиркөө куруу, анын курулушуна жардам берүү,оӊдоо-түздөө иштерине катышуунун баары арам экени жумхуур (көпчүлүк) аалымдардын пикири.Мааликийлер,Ханбалийлер,Шаафийлердин басымдуу көпчүлүгү жана Ханафийлерден Имам Абу Юсуф жана Имам Мухаммаддын пикири. Имам Маргиинанийдин “аль Хидаая” китеби 494, Имам Ибну Нужеймдин “аль Бахрур рааик” китеби 8230. 
  • Мусулман эместер ибаадаттарын өткөрө турган чиркөө куруу арам, ал эми музей же конок үйү сыяктуу кызмат аткара турган чиркөөлөрдү куруу мубах(арам эмес). Имам Шаафийдин “аль Умм” китеби 4213. 
  • Чиркөө куруу арам эмес. Имам Абу Ханийфанын пикиринде бир адам курулушчулук кылып, чиркөө куруп берсе, же өзүнүн имаратын чиркөө милдетин аткарганга ижарага берсе дурус (тыюу салынган эмес).Бул пикир Шаафийлерден Имам Заркашийден да айтылат.Ибн Нужеймдин “аль Бахрур рааик” китеби 8230, Ибн Аабидиндин “аль Хаашиясында” 6391, “аль Фатаава аль Хиндийяда” 4450. 
  • Албетте,Ханафий мазхабында Имам Абу Ханийфанын сөзүнө фатва берилип келгени менен,акыркы учурдагы Ислам академияларынын бардыгы Имам Абу Юсуфменен Имам Мухаммаддын жана жумхуур аалымдардын пикирине фатваберип келишүүдө.ВаллоохуАьламу. 

2) Шариатта пирдин орду кандай? Агам пирине малы эгиз тууса, бирин берет, жайлоого чыкса, бир карын май салдырат пири үчүн.
Жооп: Пир дегени устаз, мугалим, тарбиячы деген эле сөз. Илгертеден молдолорду, мугалимдерди, устаздарды эл-журт бакчу эле. Азыр деле ошондой болсо жакшы болот. Анткени курсагы ток болгон мугалимдинкөӊүлүда ток болот. Жакшы илим берет. Жакшы адамдын дубасын алган жакшы иш.

Бирок, айта турган жалгыз маселе, пирди Кудай ордуна көрүп албаш керек. Ал кишинин тарбиясын, илимин, маданиятын жана тажрыйбасын алып, КудайТаалама жакындоонун амалын көргөнү мактоого татырлык нерсе.

3) Намаз окуган адам дарылыкка эртең менен ачкарын спирт ичимдигин 1 кашык ичсе болобу?
Жооп:
Азыр дарынын түрү көп. Ошол дарылардан иче берсин. Мурунку арак ичип жүргөндөрдүн кээ бири, намаз окуп калгандан кийин дарылыкка деген шылтоону карманып, ичип жүрүшөт. Антип кимди алдашат, билбейм. Өздөрүн эле алдашатко….Спирт аркылуу ачытылган дарылар башка кеп….

4) Атамды жакшы көрөм, бирок акча сурай берет, берсем ичип алат. Эмне кылсам болот? Дуба кылып коюңузчу, устаз!
Жооп:
Кудай Тааламатаӊызга, аталардын бардыгына ынсаптуулук берсин.Аны капакылбаӊыз.Өзүӊүзда дубакылыӊыз…

5) Бейбаш каштарды терип койсо болобу устаз?
Жооп:
Каштын өзүн терген болбойт. Анча-мынча бетке, жүзгө чыккан түктөрдү кетирсе боло берет.

6) Мечиттин багына кой кайтарса боло береби? Жалал –Абад, Өмүрбек.
Жооп:
Мечиттин имамы, жамааттан түзүлгөн комиссия чечим чыгарып берсе, койлорду кайтаруу жана жаюу мечиттин багына, мүлкүнө зыян жеткирбей турган болсо болот. Эгер мечитке ижара акысын төлөп берсе, ого бетер жакшы болот.

7) Түшүмдө башка эркектер менен жүрөм, кээде төрөп, эмизип да калам. Бир курбум да ушундай түш көп көрөт. Эмне себептен мындай болот жана эмне кылсак болот?
Жооп:
Ар нерсени кыялдана бербей, ала турганы рахатыӊды жолдошуӊдан алганга аракет кылсаӊ, баары жакшы болуп кетсе ажеп эмес. Жубайлык жашоо өнөр. Аны окуп, үйрөнүүгө ар бир мусулман милдеттүү.

8) Кийимдердин арасынан бир ууч түйүлгөн топурак таап алгам, анын зыяны тийбейби? Акыркы күндөрү депрессияга кабылып жүрөм. Мага дуба кылып коюңузду көптөн-көп суранам.
Жооп:
Бирөө окуткан болсо керек. Бисмилланы айтып туруп, аны төгүп жибер.Иншаа Аллах зыяны тийбейт. Аллахым шыпаа берсин. Депрессиянынэӊ жакшы шыпаасы Куран окуганда жана укканда турат.

9) “Хадис” академиясы тууралуу маалымат берип коюңузчу устаз? Кантип окусак болот, кандай шарттар менен?
Жооп:
Академия бүтүү астанасында турат. Өз убагында маалыматтарды беребиз. Азырынча “хужра” тартибинде окууну уланта беребиз…

10) Жолдошумдун арак ичкенин токтотууга канчалык аракет кылсак да эч жыйынтык бербеди. Көрсөтүүлөрдүн биринде арак ичкендерге жардам берген табып тууралуу айттыңыз эле. Ошонун дарегин берсеңиз жакшы болмок. Аллах сизден ыраазы болсун!
Жооп:
Бекжан деген шакиртибиз бар. Ошол жигитке кайрылсаӊар жардам болор: 0779181571,0701080888.

11) Мен Москвада батирде намаз окуймун. Мечит алыс, азан угулбайт. Намазыма азан айтпай деле окусам болобу?
Жооп:
Боло берет. Бирок, өзүӊ уга тургандай кылып акырын айтып алсаӊ, андан бетер жакшы болгону турат.

12) Жолдошум экөөбүз бир-бирибизди жакшы көрүп үйлөнгөнбүз. Бирок жолдошумдун ата-энеси, таенелери Исага (а.с) сыйынышат экен. Жолдошумду мечитке чыгарып жатып, калтырдым. Ажырашып кетейин дейм, бирок кызымдын тагдырын ойлоймун. Эмне кылсам болот?
Жооп:
Ажырашыштын кереги жок. Күйөөӊдү дааватка жибер, жакшы болуп кетет. Тиги адашып жүргөн кайын журтка жакшы мамиле кылып, алардын туура жолго түшүүсүнө аракет кыл. Балким, алардын хидаятка келүүсүнө сен себепкер болорсуӊ.

13) Өмүрүңүз жалаң жакшылык менен коштолсун устаз! Сиз үчүн абдан кубанам. Кыргыз элимде сиздей ыйманы, билими бийик, акыретин ойлогон, соопчулукка кызмат кылган кыргызымдын жаштары көп болсо экен. Үй-бүлө куруу алдында жоопкерчиликтерин аныктап, нике окутуп, анан ЗАГСка туруу керек деп ойлойм, устаз. Ошондо ажырашуу, никесиз төрөт, балдар үйү, карылар үйү, жүрөк оору, күнөөлөр, ысырапкорчулук кескин азаймак беле? Жаштар дүңүрөтүп той беришип, арадан жыл өтпөй эле экөөсү эки жакта болуп калат. Балдары балдар үйүндө, ата-энеси оорукчан болуп калат. Мындай окуя баарыбыз үчүн маалым. Ошондуктан үмүт шооласы сиздерде устаз. Кичинекей мекенибизди сактап калалы. Ош, Эрке
Жооп:
Сиздин пикириӊиз туура. Мен да колдойт элем… Бирок жөн эле сөз менен баары бүтүп калбайт.

14) Биз бир жерди алалы десек, ал жер мурун мамлекетке карап, азыркы кожойкеси туура эмес жолдор менен өзүнө өткөрүп алган экен. Биз аны сатып алсак адал эле болобу?
Жооп:
Жок, ал туура эмес. Мамлекетти алдап алган мүлктөр, ошол алдамчы адамдыкы болуп калбайт. Аны мамлекетке кайтарып берүү милдеттүү болот.

15) Негизи эле кыз бала тарбиялык мааниси бар кинолорго тартылса болобу?
Жооп:
Бул суроонун жообун ар кимдин абийирине коёт элем. Мен мисалы өзүмдүн кыздарыма каалабас элем.

16) “Куран алипеси” китебинде эч кандай сүрөө жок. Дааратсыз кармасам күнөө эмеспи?
Жооп:
Болот. Боло берет.

17) Атам жок, апам бар, 4 бир тууганбыз. Баарыбыз бойго жетип калдык, бирок ишибиз эч жүрүшпөйт. Кичинебизде бизди дубалап койгон экен көзү ачыктар. Ошого ишенсек болобу? Биз кеңешиңизге муктажбыз.
Жооп:
Намаз окугула, жакшы иши жүрүшкөн адамдар менен дос болуп, ошолордон үлгү алууну үйрөнгүлө. Жашоодогу негизги максат КудайТаалама сыйынуу экенин түшүнгөндө баары ордуна келет.


18) Динге тиешелүү туура эмес маалыматтар эл арасында таркатылып жүрөт. Тилекке каршы, ошол нерсени туура экен деп кабыл алгандар да бар. Бул нерсени ким көзөмөлдөш керек? 
Жооп: Мамлекеттик коопсуздук кызматы, муфтият жана ар бир мусулман пендеси…

19) Өзүм толмоч аялмын. Намазда туруп-олтуруу кыйыныраак. Турганымда сенделип кетем, намазым бузулбайбы?
Жооп:
Жок, бузулбайт. Этиет болуӊуз. Арыктоонун аракетинде болуӊуз.

20) Кантип такыба аял алса болот?
Жооп:
Өзүӊ такыба болсоӊ, сагатакыба аял жолугат. Дуба кылсаӊ, КудайТааламжаштын тилегин берет.

21) Жолдошум Москвада. Мен бир жарым жаштагы баламды эмчектен чыгарып жолдошумдун жанына барайын дегем, бирок балам ыйлап болбойт. Чыгарып кетип калсам күнөөкөр болбоймунбу?
Жооп:
Баланы сагыныч менен оорутпагыла.Жаныӊарда болсун. Тирүүлөй жетим кылбагыла!!!

22) Чиркөөдө ортодо турган суунун даарылык касиети бар дейт. Ушул туурабы?
Жооп:
Эч кандай касиет жок. Ал жерде Аллах Таалага ширк келтирилип жатса, ал жерде дегеле касиеттүү нерсенин болуусу мүмкүн эмес.

23) Шариаттын чеги менен кылынган той кандай болуш керек?
Жооп:
Арагы жок, арамы жок, ысырабы жок той жакшы болот.

24) Башка адамдын паспортун операцияга колдонсом болобу? Орусиянын жарандарына арзан жасайт экен.
Жооп:
Башка мамлекетти деле алдаган жакшы эмес… Эми карап көр өзүӊ…

25) Камандын терисинен жасалган куртканы селсаяктарга берсе болобу?
Жооп:
Мусулман эмеске берсеӊ боло берет. Бирок, мусулманга бере көрбө…

26) Устаз, бизге дуба кылып коюңузчу. Бир аптадан бери жолдошум сыртка чыкса бир карга келип, жолдошумду айланып учуп, сайрап жүрөт. Жакшылык эле болсун деп май токоч кылып, Куран окутуп элдерге таратып койдук.
Жооп:
Сабакта жамаат менен дуба кылабыз. Каргадан коркуунун кереги жок. Күйөөӊүз жем берип көндүрүп койгон эмеспи?

27) Агам өзүнүн аялын таштап, өзүнөн 6 жаш улуу 4 баласы бар аялга үйлөнүп алды. Ата-энесинен кабар да алып койбойт. Азыр бир балалуу болуп калды окшойт. Эмне кылсак болот?
Жооп:
Эки жагы менен теӊ жашай бергени жакшыраак болот. Ошого аракет кылгыла…

28) Китеп окуу конкурсуна катышкан балдар китептерин унутуп кетип калыптыр. Алар китептерин сураганда, силерден мага белек болду деп бербей койдум! Ушул туурабы?
Жооп:
Туура эмес. Белек дегенди антип мажбурлап албайт. Кыяматта жооп бересиз….

http://saresep.kg/

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button