alternatetext Багымдат: 04:02 | alternatetextКүн чыгуу: 05:52 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Азирети Муфтий Замир кары Ракиев Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкерим Алимбаев менен жолугушуп, диний абалды талкуулашты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев «Ыйман кербени» аттуу иш сапары менен Баткен облусуна келип, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкерим Алимбаев менен жолугушту.

Эки тараптуу жолугушууда Азирети Муфтий Баткен жергесине жасаган иш сапарынын максатын айтып, жер-жерлердеги, аймактардагы жергиликтүү тургундар менен ыймандашып, аларга ислам дининин асыл баалуулуктарын жеткирүү керектигин айтып өттү. Муну менен катар «Ыйман кербени» аттуу иш сапардын алкагында дин кызматкерлери менен жолугушуп, алардын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышуу экендигин кошумчалады.

Ал эми Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү облустук казыят менен тыгыз иш алып барып, учурда чек арадан жабыркаган жарандардын турак-жайын калыбына келтирүү боюнча иштер жүрүп жаткандыгын билдирди.

Аталган жолугушууга ДИМКтин түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Талас, Жалал-Абад, Ош облусунун, Ош шаарынын жана Баткен облусунан мусулмандар казылары, КМДБнын кызматкерлери катышты.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button