alternatetext Багымдат: 04:02 | alternatetextКүн чыгуу: 05:53 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Азирети Муфтий Замир кары Ракиев Баткен, Жалал-Абад, Ош облусу жана Ош шаарынын аймагындагы диний окуу жайлардын мүдүрлөрү менен жолугушту

Бүгүн, 10-февраль күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев өлкөнүн түштүк аймагына расмий иш сапары менен келип, Ош шаарындагы «Osh grand hotel Chou» мейманканасынын жыйындар залында Баткен, Жалал-Абад, Ош облусу жана Ош шаарынын аймагындагы диний окуу жайлардын мүдүрлөрүнө жыйын өткөрдү.

Жыйында диний билимди жогорулатуу жана билим бериүү системасын жакшыртуу жаатында бир катар маселелер каралып, тапшырмалар берилди. Муну менен катар  диний окуу жайлардын мугалимдеринин тажрыйбасын арттыруу маселеси каралып, сунуш-пикирлери айтылды.

Ал эми  Жалал-Абад, Ош облусунун жана Ош шаарынын казылары диний окуу жайлардагы тартиптер боюнча өздөрүнүн пикирлерин айтышып, билим берүү жаатындагы жетишкендиктерге жана кемчиликтерге токтолушту.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button