alternatetext Багымдат: 04:00 | alternatetextКүн чыгуу: 05:51 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:02 | alternatetextШам: 20:10 | alternatetextКуптан: 22:03
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Азирети Муфтий Замир кары Ракиевдин бир тууган агасы Качкын Ракиевдин дүйнө салгандыгына байланыштуу КМДБнын жалпы эмгек жамааты көңүл айтты

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин  бир тууган агасы Качкын Ракиевдин дүйнө салгандыгына байланыштуу КМДБнын жалпы эмгек жамааты көңүл айтты.

Урматтуу Азирети Муфтий,

Агаңыз, Качкын Ракиевдин дүйнө салышына байланыштуу  КМДБнын жалпы эмгек жамааты Сизге, маркум агаңыздын үй-бүлөсүнө жана тууган-уруктарыңызга терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана кайгыңарды тең бөлүшөбүз. Сабыр кылыңыздар, анткени, “Ар бир жан өлүм даамын татат…” (Куран, Аль-Анбийа, 35) экен. “Чындыгында, биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” (Аль-Бакара, 156).

Алла Таалабыз жалпыңыздарга күч-кубат берсин. Жаратканыбыз маркум агаңызды Өз ырайымына алып, Жаннаттын төрүнөн орун насип кылуусун Алла Тааладан  тилейбиз.

Терең кайгыруу менен көңүл айткан,

КМДБнын жалпы эмгек жамааты

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button