alternatetext Багымдат: 04:14 | alternatetextКүн чыгуу: 06:00 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:57 | alternatetextШам: 20:01 | alternatetextКуптан: 21:49
Өрнөктүү өмүрлөр

Азирети Алинин адамгерчилиги

Азирети Алинин адамгерчилиги

📍АЗИРЕТИ АЛИНИН АДАМГЕРЧИЛИГИ

✍🏻 Күндөрдүн биринде азирети Фатима ( радияллаху анха) күйөөсүнө:

— Али, Хасан менен Хусейин ачка болду. Үйдө жегидей эч нерсе жок. Шам-шум эткенге бир нерсе алып келчи,- деп суранат. Бул убакта азирети Алинин чөнтөгүндө болгону алты гана дирхам бар эле. Ошентсе да ал тамак-аш табуу үчүн жолго чыгат. Баратса жолдо эки киши жакалашып, урушуп атыптыр. Али экөөнө «Эмнеге урушуп жатасыңар? Бул жалганда Алланы ойлонгондун ордуна бири-бириңер менен кармашканыңар кандай?» — деп сурайт. Араздашкандардын бирөө беркиден алты дирхам аласасы бар экенин, бирок тиги бербей жатканын айтат. Азирети Али дароо чөнтөгүндөгү алты дирхамды аласа болгон адамга берип, экөөнү элдештирип, үйүнө кайтат. Эринин куру кол кайтканын көргөн Фатима ( радияллаху анха):

— Атасы, эч нерсе алган жоксуңбу? — дейт. Али (р.а):

— Анткени менен эки кишини элдештирип, мамилелерин түзөп келдим, — деп жооп берет. Фатима жаркын жылмайып күйөөсүн кубаттайт. Бир аздан соң эки уулу ачкалыгын айтып ыйлай баштайт. Бул көрүнүшкө чыдабай азирети Али кайра сыртка чыгат. Жолдон бир адамга жолугат. Колунда жетелеген төөсү бар экен. Ал:

— Али, мобул төөнү сага сатайын. Алчы, арзан берем,- дейт.

— Акчам жок да, — дейт Али (р.а)

— Мейли, жок болсо деле ала бер. Болгону 150 дирхамга баалайм. Кийин берип коёсуң да.

Ошентип азирети Али (р.а) төөнү алып калат. Жетелеп баратса жолдон дагы бир кишиге жолугат. Ал:

— Али, бул сонун төө экен. Мен муну 300 дирхамга алайын. Эмне кылсаң да сунушумду четке какпа, — дейт.

— Бирок, бул төөнү мен 150 эле дирхамга алгам.

— Эмнеси бар экен? Айтор мен бул төөнү аябай жактырдым,- дейт да 300 дирхамга сатып алат. Азирети Али (р.а) сүйүнгөн бойдон барып азык-түлүк алып, үйүнө кайтат. Кийин Пайгамбарыбыз (САВ)га жолукканда жылмайып:

— «Кел, Али. Жанагы төөнүн окуясын айтып берчи мага»,- дейт. Али(р.а) айтып берген соң:

— Сен аларды элдештиргениң үчүн Алла Таала Жабраилге(а.с) төөнү саттырды да Исрафил ( а.с)га саттырып алды. Кимде-ким араздашкандарды элдештирип, ынтымакка чакырса, бөлүнүп-жарфлуудан кайтарса — ал бизден, — дейт.

📚»Өчпөс сабактар» китебинен.

https://www.instagram.com/p/CBHnqcDBAmm/?igshid=1pezttybyczz8

꧁ БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ ꧂

Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻

📲WhatsApp:
+996 771 822 202

📲+996 778 531 798

══════════════════
☪ OK.ru/Formulasy
☪ Fb.com/Formulasy
☪ T.me/formulakg
☪ Youtube.com/FormulaMediaKG
☪ Instagram.com/Formulasy
☪ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button