alternatetext Багымдат: 04:00 | alternatetextКүн чыгуу: 05:51 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:09 | alternatetextКуптан: 22:01
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси Жалал-Абад, Баткен, Ош облусу жана Ош шаарындагы ажы башчыларга лицензияларды тапшырып, бир катар тапшырмаларды берди

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийдин орун басары, 2022-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев «Сулайман-Тоо» мечитинин жыйындар залында Жалал-Абад, Баткен, Ош облусу жана Ош шаарындагы  ажыларды жетектеп баруучу ажы башчыларга лицензияларды тапшырып, ажылык сапарынын тартип, эрежелери менен тааныштырды.

«Ажы башчылык милдетин аткаруу жоопкерчиликти талап кылат. Барган жердин мыйзамына баш ийип, ажылардын ибадаттарды шариатка ылайык аткаруусуна жооптуусуздар. Эми убакытты туура пайдаланып, ажылыкка баруучу мекендештерибизге сабактарды уюштуруу жана ажылык ибадатынын тартип, эрежелерин түшүндүрүү керек», — деди штаб жетекчиси.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button