alternatetext Багымдат: 04:14 | alternatetextКүн чыгуу: 06:00 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:57 | alternatetextШам: 20:01 | alternatetextКуптан: 21:49
Макалалар

🙌🏻Тообо деген эмне?

✍🏻 Тообо дегени бул-адамдын жасаган күнөөсү үчүн анын кайрадан аткарылбашына өкүнүп , Алла Тааладан корккондуктан көзүнөн жаш чыгарып, Ал Заттан кечирим сурап, күнөөсүнө өтө кыжаалат болгон абалда дуба кылып Жаратканга кайрылуусу.Тообо кылган соң ошол күнөөнүн кайра кайталанбашы үчүн өтө көп истигфар айтып, бекем туруусу керек.Кандай абалда болбойлу , кайсыл учурда жашабайлы, эркекпи, аялбы, чонбу-кичинеби , жашпы-каарыбы, ал ким гана болбосун, ыйман келтирген болсо, кетирген күнөөлөрүнө бушайман болуп, Алладан кечирим суроосу зарыл. Ал Улуу Заттан кечирим сурагандардын тообосун Алла Таала өз каалоосу менен кабыл кылат.

✨ Алла Таала Ыйык Курани Карим китебинде айткан:

«Ал пенделеринин тообосун кабыл кыла турган, жамандыктарды кечире турган жана кыла турган ишиңерди биле турган Зат».

«Аш-Шуара»сүрөөсү,25-аят.

Хадисте мындайча баяндалат.Анас бин Малик разияллооху анхудан риваят:

«Мен Пайгамбар саллаллооху алайхи ва салламдын мындай деп айтканын уккамын’

» Аллах Таала айтат.

» Оо ,Адам баласы! Сен Мага дуба кыла берсең жана кечиримди үмүт кыла берсең ,канча күнөөң болсо да Мен сени кечиремин, көңүлүмө албаймын.»

Башкача айтканда:

«Сен канча чоң күнөө кылсаң да аны кечирүү Мага эч нерсе эмес.Оо, Адам баласы!Асманга жетээр күнөө кылып да Менден кечирим сурасан, Мен сени кечиремин, Мага кечирүү кыйын эмес!» (Тирмизи)

Аллах сага убада кылып жатат. Үмүтзүз болбо бир тууганым тооба эшиктери ачылуу качан өлүм гаргарага жеткенче аныграгы жаның денеңден чыкканча. Ал күн, мүнөт, секунт кимгедир насип кылса кимгедир насип кылбайт. Ойлонуп, ойгонгун төрөлүүңда, кайра кетүүң да Аллахка!

Булак
📚" Тообо,истигфар,салават жана дубанын пайдалары " китебинен.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button