alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
МакалаларПайдалуу кеңештер

⏲Жашооң бир көз ирмемде таптакыр башка нукка өзгөрүшү мүмкүн:

⏲Жашооң бир көз ирмемде таптакыр башка нукка өзгөрүшү мүмкүн:

☝🏻Кантип дейсиңби?

📍Бир эле телефонуңа келген суук кабар менен…

📍Бир эле анализдин жыйынтыгы менен, оорулуу экениң аныкталса…

📍Күндө басып жүргөн жолуңда бир эле кадамыңды эрте же кеч таштап коюп, кырсыкка кабылып…

☝🏻Айтор, ушул сыяктуу көптөгөн себептер бар…

📍Бир көз ирмемде бирөөнүн жардамысыз бир ордуңдан кыймылдай албай калышың толук мүмкүн. Андай болбойт деп өзүңө кепилдик бере албайсың!

📍Келечегиңди пландаштырып, баарын тартипке коюп келатасың да, эртеңки коопсуздугуң кимдин колунда экенин кээде унутуп, ишенимдүү сүйлөп алмай адатың бар.

☝🏻Бул адатыңдан качан арыласың?!

☝🏻Жашоо бизге Жаратканга болгон ыйманыңдан башка эч нерсени кошо алып кете албай турганыбызды, андан башка эч нерсеге кепилдик жок экендигин кабарлап турат..

📍Сен буга чейин ишенип жүргөн нерселердин сага жардамы тийбейт:

— Күчүңө ишенсең, күч-кубатың кетчү күн келет…

— Көп окугам, көптү билем десең, 4 эле суроонун жообун таппай, алаңдап алапайыңды таппай калчу караңгылык али алдыда…

Баары адашкан, мен туура жолдомун деп, алардын түшүнүгү жок дейсиң, сенин туура эмес түшүнүктөрүң көз алдыңа тартылчу күн келе элек…

Байлыгың жардам бербей, акча-мүлкүң бир тыйынчалык наркы жок, баркы жок болуп калат…

Андыктан ар кандай ой-пикирлер менен мээңди жей бербе. Көрдө калсынчы көр тирилик. Жараткан берген убакытты, Жаратканга да арнаганды унутпа!

☝🏻Эртенки күндүн камын ойло, андан кийинки өлүмдү, өлүмдөн кийинки өмүрдү да эстен чыгарба…

Эртең эмне болуп кетерин Жалгыз Жараткандан башка эч ким билбейт!

Дүнүйө үчүн кыжаалат боло бербе…

Мал табылат. Баардык ойлоруңду, түйшүктөрдү убактылуу унутууну үйрөн. Сарсанааларды артка калтырып, Жаратканга жалынууну өзүңө адат кыл. Токчулукта шүгүр дегенди,
жокчулукта Жаратканы унутпайт…

🤲Аллага тобокел кылыш керек…

Ал даанышмандыгы менен жашооңду түзөп коёт.

🤲АР ДАЙЫМ

«Оо, Кудуреттүү, Боорукер, Мээрими чексиз болгон Аллахым! Башкаларды өз камкордугуңа алгандай эле, мени да, менин жакындарымды да өз камкордугуңа ал! Сага гана сыйынып, сенден гана жардам сурайбыз…»

🧕🏻Которгон: Мээрим Сардыбаева @hanafi_ladies.


👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button