alternatetext Багымдат: 04:16 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
АңгемелерТаасирдүү окуялар

ҮЧ СУРОО

30 КҮНДӨ 30 БАЯН

Бир чакан шаарда өзүнүн каапырдыгы менен таанылган текебер адам жашайт эле. Кыялы чорт, ар кимге барып чатакташып, кер-мур айтышканды адатына айланткан болчу. Кудайга такыр ишенбей, жолдо кетип бараткан кичине балдарды кармап алып:
— Молдолор айткан Алла Таала деген жок! Эгер болсо бизге көрүнөт эле да? Кудай деген жок!,- деп айткандан тажабайт эле.
Эл топтолгон жерлерге барса, өзүн абдан акылдуумун деп мактанчу. «Акылдуу болсоң кана ошол акыл деген нерсени көрсөтчү» десе качып жөнөйт болчу. Акылынын бар экенине ишенсе дагы, Алланын бар экенине ишенбеген деңгээли төмөн каапыр эле.
Ошол адамга жакын жерде Алла Таалага ишенген, намазын окуп, орозосун кармап, ислам шарттарына ылайык адептүү өмүр сүргөн бир карыя жашачу. Ал тескерисинче көчөдөгү балдарга «Сени Алла Таала жараткан, диниң Ислам, пайгамбарың Азирети Мухаммед алейхисалам, мазхабың ахли- сүннөт валь жамаат» деп үйрөтүп, балдарга таттууларды таратып кубантчу.
Карыянын бул адатына ызырынып жүргөн тиги кераяк адам, бир күнү өзүнө окшогон ашыналарын ээрчитип алып аксакалдын жанына келди да:
— Эй, абышка! Менин сага үч суроом бар. Бирок суроолор сен үчүн оор. Кана көрөлүчү жооп бере аласыңбы?,- деди ырсайып. Карыя:
— Кулагым сенде суроолоруңду бере бер,- деди.
Өзүн өтө акылдуу сезген каапыр адам, бет маңдайында турган карыяны элдин алдында сындырам деп эрдемсип карады да:
«- Менин сага 3 суроом бар:
Биринчи суроо: Ар дайым Алла Таала бар дейсиңер. Бирок ал өзү көрүнбөйт же силер көрсөтүп бере албайсыңар. Ошондуктан мен аны жок дейм. Буга эмне дейсиң!?
Экинчи суроо: Тозокто шайтан да отко күйөт дейсиңер. Бирок шайтан оттон жаралган да? От кантип отту күйүзөт? Буга эмне дейсиң?
Үчүнчү суроо: Алланын жазган тагдыры бар дейсиңер. Баары тагдыр боюнча кетсе, анда эмне үчүн жасаган нерсеңе жооп беришиң керек? Тагдыр ошондой болсо күнөөң жок да. Буга эмне дейсиң?»,- деди да, ичинен жайладым дегенсип өзүнө-өзү маашыр болду.
Карыя эч ойлонбостон адамды тике карады да:
— Мына сенин үч сурооңо бир эле жообум,- деп туруп жерде жаткан чалма топуракты алды да так чекеге коюп калды. Каапырдын маңдайынан кан атырылып, кокуйлаган боюнча шаардын казысын көздөй чуркап жөнөдү. Айланада жардап тургандар эмне болуп кеткенине түшүнө алышпай уюлгуп турушканда казынын жасоолдору келип карыяны алып жөнөштү.
Каапыр адамдын арызы боюнча териштирүү башталып, шаардын казысы карыяга карап:
— Бул адам сизди чоң чалма менен башка чапты. Башым катуу ооруп жатат дейт. Эгер урганыңыз чын болсо, неге чаптыңыз?,- деди.
Карыя:
— Адилеттүү Казым! Бул киши өзү мага келип эл алдында үч суроо берди. Мен анын үч соболуна бир эле жооп берейин деп башка чаптым.
Бул адам биринчи суроосунда, Алла Таала бар дейсиңер бирок ал көрүнбөйт жана көрсөтүп береалбайсыңар деген. Ошондой эле Алла Таала көзгө көрүнбөгөндүктөн ишенбейм деген. Бул эми башым ооруп атат дейт. Кана ошол башындагы оору? Мага ошол ооруну көрсөтүп берсин. Эгер көрсөтүп бере албаса мен анын башынын ооруганына ишенбейм жана кабыл албайм.
Экинчи суроосунда болсо, тозокто шайтанды дагы от күйгүзөрүнө ишенбейм деген. Шайтан өзү оттон жаралса, от кантип отко зыян кылат деген. Акыйкатта адамдын башаты дагы топурактан жаратылган. Ошондуктан от отко зыян бере албаса, топурак топуракка да зыян бербейт да. Башына тийген топурак ага зыян келтиргенине ишебейм.
Үчүнчү суроосунда болсо, баары тагдырга жазылган менен болот. Ошондуктан тагдыры үчүн адам күнөөлүү эмес, жооп бербейт деген. Мунун башына да топурак тийет деп тагдыр жазылган экен. Эгер тагдырында башына топурак тийет деп жазылса, анда эмнеге ал бул жерге жетип келип, ызы-чуу кылып арызданды. Тагдырына моюн сунбадыбы?,- деп жооп берди.
Карыянын жоопторун уккан казы тиги адамга карап:
— Кана эми сен эмне дейсиң?- деди.
Башын кармаган боюнча ордунан турган адам:
— Казым. Бул аксакалдын айткандарынын баары туура. Мен эми түшүндүм. Акыйкат бул адамда. Бул күнөөлүү эмес. Мен арызымдан кайттым»,- деди уялып. Ошентип казыдан каапыр адамдын дилине ыйман кирип, келиме келтирип, Алла Таалага тобоо келтирип эшикке чыкты да, карыянын колунан кармап:
— Аксакал… Мени кечирип коюңуз. Мага дагы көчөдөгү балдарга сабак бергендей чоң сабак бердиңиз. Мага дин илими жөнүндө үйрөтүңүзчү, — деп ыраазычылык билдирип кучактады.
Ошентип үч суроонун жообу бир каапыр адамды жаркын динибизге кайтарып, жүрөгүнө ыйман салды..

Сабак: Бүгүн биздин арабызда да Ислам динин жактырбаган адамдар бар. Бирок акылмандык, сабырдуулук жана өзүбүздүн үлгү менен алардын жүрөктөрүнө ыйман киришине себепчи боло алат экенбиз. Рамазан айыңыздар маарек болсун!

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button