alternatetext Багымдат: 04:14 | alternatetextКүн чыгуу: 06:00 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:57 | alternatetextШам: 20:01 | alternatetextКуптан: 21:49
Китептер

Зиядин Максым уулу( Мухаммед Зияуддин Максум-Дамулла Шариф уулу, Зиядин Магзуми)

Зиядин Максым уулу( Мухаммед Зияуддин Максум-Дамулла Шариф уулу, Зиядин Магзуми) –кыргыздардын ичкилик тобундагы төөлөс уруусунан чыккан алгачкы кыргыз тарыхчыларынын бири.Кокон хандыгынын тушунда хан сарайда кызмат өтөгөн.Кудаяр хандын кагаз иштерин жүргүзгөн ишенимдүү кишиси болгон.Анын тапшырмасы менен “Паргана хандарынын тарыхы” аттуу эмгегин жазган.Учурунда Полот хандын кол астында түштүк кыргыздардын боштондук кыймылында активтүүлүгүн көрсөткөн.
Кудаяр хандын тактан түшүшүнөн кийин, “Паргана хандарынын тарыхы” аттуу эмгеги ээсиз калып,Түркиядан келген Абдурахман эфендинин колуна тиет.Ушундай жол менен китеп Түркияда орун табат.Тарыхчы А.Мокеев тарабынан 1992 жылы Стамбул университетинин китепканасынан 1666 беттен турган китептин кол жазмасы табылат.Эмгек чагатай тилинде жазылган.
Паргана хандарынын тарыхын чагылдырган эмгекте,кээ бир окуялар “Манас” эпосунун стилинде жазылган.
Зор эмгекти изилдегендер Зиядин Максым уулу жөн гана катардагы тарыхчы эмес,көркөм сөздүн да чебери болгонун байкайт.Мындан сырткары ал өз учурунда дин илимдеринен да кабары болгон. Тарыхий булактарга ылайык Зиядин Максым уулу Анжиян көтөрүлүшүнүн жетекчиси болуп, идеялык тараптан топтун негизги ишмердүүлүгүн жүргүзгөн.Анжиян шаарындагы орус гарнизонуна болгон чабуул учурунда 80 жаштагы Зиядин менен Мадали-эшен башкарып турушкан. Көтөрүлүштүн амири Мадали дарга асылса, ал эми Зиядин Максым уулу чабуул учурунда шейит болгон.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button