alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
Макалалар

Жан дүйнө чырагы Аллахты көп эстөөдө

БИСМИЛЛААХИР РОХМААНИР РОХИЙМ.

Бүгүнкү күндө айланабыздагы теле берүүлөр, радио түйүндөр, баардык
соц тармактардагы болсун
көрсөтүлүп жаткан рекламалар адамдын
сырткы денесине гана пайда алып келиши мүмкүн. Мисал: Бул шампунь чачыңызды жумшак кылып коёт, бул самын күндүн нурунан сактайт. Бул даарыны ичсеңиз тамак тез сиңет.
Муну ичсеңиз таблетка, күнүнө 2 маал
эрте менен кечинде ичип жүрсөңүз
арыктатып бойду өстүрөт .
Бул тиш пастасын колдонсоңуз тиштериңизди
жылтыратып коёт, карайып кетүүдөн сактайт.
Же ушул сыяктуу толгон токой сиз бизге тартууланып көрсөтүлүп жаткан реламалар
сырткы дене үчүн гана .

Же уктуңуздар беле :
Бул даарыны ичсең жүрөгүң эч сыгылбай
тыынч болуп,
өзүнчө эле ырахат аласың дегенди?
Же бул сироп күнүнө 3 кашыктан ичип турсаң
бир дагы бирөөлөргө кек сактабай каласың.
Жумасына бир жолу мына капельницаны алсаң
ата-эне бир туугандарга жумшак сүйлөп,
азанды мечитте угуп, намазга каттап каласың..
Же уктуңуздар беле
Бул мазьды денеңе сыйпап жүрсөң
өлсөң кабырда азапталбайсың дегенди ?
Муну чайга кошуп ичсең бир да сөгүнбөй
туура сүйлөп каласың деген даарылардыбиз алигече көрө элекпиз, уга да элекпиз !

Адамдын денесинин бир жери ооруп
больницага барса дененин сыртына ,
же ички органдарга кандайдыр бир жардам берип калуусу мүмкүн .
Бирок эч качан
ички дүйнөнү айыктырып бере албайт !
Туурабы же туура эмеспи ?

Адам баласы ыймандын сөзүн угуп туруусу керек. Ыймандын сөздөрү
бул — рухтун азыгы .
Көп адамдар тамактын түрүн тандап жеп-ичип
курсагын тойдуруп жүрөт. Бирок,
эмнеге жүрөк тынч эмес ?
Дүйнөнү ушунчалык көп пикир кылып ойлонгондуктан диндин иштерине убакыт калбай калат. Динге келгенде эле
баары секин секин болот да,
ким эле намаз окуп калыптыр,
баары эле жүрүшпөйбү бир жакшына — деп
каанча көп сооптон кур калышат .
Мындай адамдар жашоону татаалдантып өздөрүн дагы кыйнайт, ыйман жолунда жүргөндөрдү дагы кыйнашат муну өздөрү сезишпейт . Ал эми дүйнө иштерине келгенде:
— Тезирээк болгула!! Сезон бүтүп баратат,
эрте туруп жумушту баштоо керек !-деп кыжалат болот . Эх тууганым,
Эгер багымдат окусаңыз
жумушуңуз дагы эрте башталатго ?!
Арабызда көптөгөн адамдар бар жүрөгү тынч.
Эмне үчүн ? Анткени баарын кечирип жүрөт,
тообо айтып жүрөт, жылмайып жүрөт, ибаадат кылат, дүйнө тапса да ибаадат деп табат,
үй-бүлөө бакса да ибаадат деп жасайт
баардык амалдарын ибаадатка айландырып алган, ал адам Аллахты жакшы көрөт,
Аллах Таалам бул адамды дагы бүт адамдардын жүрөгүнө жакшы көрдүрүп коёт .
Арабызда ушундай адамдар дагы бар
уктаса кыйналат, жашоодо бир нерсе жетишпейт, ар дайым настроениясы жок,
адамдар менен жүрсө жылмайып коёт,
өзү жалгыз калса кайгыга батат эмне үчүн?
Анткени рух ачка. Аллахты эстөө,
зикир кылуу, намаз окуу менен
Куран окуу, Аллах үчүн
ыйман амалдарын аткаруу рухту азыктандырат.
Пайгамбарыбыз алайхис саламдын сүннөт амалдары, кулк-мүнөз адеп-ахлагы,
адамдын денесинин ички ооруларын дагы
дененин сырткы ооруларын дагы
айыктырат . Керек болсо акыретте
денени оорутуучу азаптардан дагы сактайт !
Мындай шыпааны биз алигече уга элекпиз.
Куран момундар үчүн шыпаа жана мээримдүүлүк үчүн түшүрүлгөн !
Пайгамбарыбыздын денесинен чыккан ар бир амал, ар бир кыймыл аракети сиз биз үчүн рахмат жана мээримдүүлүк .
Аллахтын өкүмдөрүн көрсөтүп берген
пайгамбарыбыз алейхис салам үммөт үчүн
ушунчалык кыжаатлат болуп, эмне зыян эмне пайда, эмнени жасаса адам бактылуу болот,
эмнени жасаса бактысыз болуп калат?
Баардык суроого жоопту көрсөтүп, түз акыйкатты көрсөтүп кеткен. Бир хадисте:
«Мен силерге жарык, (нурдуу) түптүз жолду таштадым. Бул жолдун түнү күндүзүндөй. Мындан өзүнө зулум кылуучулар гана баш тартат.»(хадис).
Сиз биз сүннөттү аалымдарга барып үйрөнөйлү.
Бейиштин эшиктеринде :
«Эй, Мухаммад?! Сенин үммөтүң, сенин жолуң менен, сенин изиң менен, сенин сүннөтүң менен келмейинче бейиштин дарбазалары аларга эч качан ачылбайт!»-деп жазылган.
Ааламдагы баардык нерселер адамдарды бөлөт, уруштурат, бири-бирине душман кылат.
Бирок Куран менен Хадис субханАллах,
бүткүл адамзатты бириктирип дүйнөдө жана
Акыреттин бактылуулугун көрсөтөт .
Сиз бизде дайыма :
Менин эки дүйнө бактылуулугум ушул динде деген бекем ишеним болсун !
Туугандар азыр намаз окуп калбасак,
азыр дуба кылып бейишти сурап албасак,
азыр күнөөлөрдөн арылып албасак,
азыр байлыкты сарптабасак, азыр ата-эне, адамдарга жакшылык каалабасак, азыр кечирип кечирим суроону үйрөнбөсөк, азыр
намазда туруп ыйлап ибаадат кылууну үйрөнбөсөк качан үйрөнөбүз ?
После смертпи ??
Биз сизди жакшы көрөбүз тууганым.
Көңүл оорутуу эмес. Бул жакшылык калоо, акыретте жаннат бактарына кирүүгө насип кылсын деген гана максат !

*Бир кишинин чоң атасынан калган 20 гектар чоң бак-дарак тигилген жери бар экен.
Ошол киши, менин чоң багым бар деп элге мактанып жүрүп, суу коюп, чөптөрүн оруп турууну да унутуп калыптыр. 10 жылдан кийин келип караса жүзүм зар, алмалуу багын
тикенек каптап,
жылан чаянга толуп калыптыр)))

Ошол сыяктуу туугандар ар бир адам биринчи өзүн оңдоонун аракетинде болуу керек да .
Менин ата-бабаларым чоң молдо болушкан,
аяш аталарым аалым, кошуналарым шейх болушкан деп жүрүп өзүбүздүн жүрөктөр
карайып кетпесин ..
Даракты суугарып жаткан бала
сууну дарактын тамырына эмес жалбырагына куйса атасы көрүп:
Балам ?!
Сууну тамырына куй, жакшы көктөйт- дейт да.
Ошол сыяктуу мындай ыймандын сөздөрү ар бир куурап калган дарактардын тамырына суу сепкендей таасир берет .

Кайсыл бир адам Аллахты эстебесе
ал адам өзүнүн ким экенин унутат.
Ким Аллахты эсинен чыгарса,
Аллаах ал адамды
өзүн ким экенин эсинен чыгарып коёт ..
Мисал :
Бир аял киши болот, шоу бизнес чөйрөсүндө өтө популярдуу болуп дүйнөгө атагы чыгып турганда
Аллах Тааланы эстебесе ал аялдын аял экенин эсинен чыгарат .
Бир үй-бүлөөнүн түтүнүн булатып, балдарына жакшы энелик тарбиясын берип,
күйөөсүн урматтап өтүүнү унутат .
40-45 жашка дейре карьера деп жүрүп
бала да көрбөйт, анан Аллах насип кылса
40 жашында турмуш куруп бала күтөт,
балалуу болот же болбойт ..
Франциялык белгилүү актрисалардын бири
айтат:
Мен, бооруна баласын кысып олтурган апаларды көрсөм суктанамын. Айрыкча мусулман өлкөлөрдө күйөөсү алты-жети сумканы көтөрүп супер маркеттен чыгып баратса,
аялы жеңил басып баласын астыда жетелеп баратса аны көрүп суктанып ыйлаймын.
Мен эмне иш кылдым ?
Өмүрүмдө эмнеге жетиштим?
Үйгө барсам балдарым чуркап чыгып кучактап
Апа! — деп кыйкыруунун ордуна жакшы көргөн
ит мышыктар ачкалыктан күтүп алат.
Жашоодон мен эмне таптым, менден кабар ала турган эч ким жок — дейт.
Караңыз эң бай актриса аял
башкаларга суктанып жатат .
Эмне үчүн бул аял
мынчалык деңгээлде кор болду ?
Анткени убактылуу көңүл каалоолоруна алданып, эркектердин артынан чуркаганына сүйүнүп, сүрөткө тартылып гезит беттерине чыгамын деп жүрүп
Роббисин унуткан эле
Аллаах бул адамды баардыгына унуттуруп койду.
Бир адам Аллахтан коркпой арак ичсе, мас болсо кандай абалга түшүп калат,?
Жолдун боюнда, кышта, ылай-баткакта кор болуп жатканын көрөсүң .
Эмнеге мынча кор болду?
Аллахты унутуп кор болду.

Адам баласы, эркек Аллахты унутса эркек экенин эстен чыгарып эркеке тийе баштайт .
Аял заты, Алланы унутса өзүнүн аял экенин эсинен чыгарып коёт да эр кылып аялга турмушка чыга баштайт .
Айтышатго : Аллах Таала кор кылып бул динге алып келгиче сый менен өзүң келгин !-деп.

Эркектерибизге айтаар элем:
Адамдар аялдарды гүлгө салыштырышат ээ?
Динсиздер айтат:
Муну элге көрсөтүп мактануу керек — дейт .
Динибиз аялдарды намыс дейт .
Аны сакташ керек !
Парктын четинде кызарып турган роза гүлү турса баардык адам сөзсүз карайт .
Анын айланасын ороп ,
карап турбасаң бирөө келип жулуп кетет .
Гүл ачылганда астынан бирөө үзүп барат да
үйүндөгү гүл идишке салып үйүнүн төрүнө коюп коёт. 2-3 күндөн кийин ал соолуп жок болот.
Ошол сыяктуу ар бир аял заты бойго жетип
гүлдөп турганда тамырынан кыркылбай,
тамыры менен кошо алып барып башка үйгө көчүрүлсө ал гүлдөп көбөйөт,
үйгө көрк берет .
Түшүнүктүү болуп жатабы ?
Эгер убактылуу гана кооздукка алданса
анда убактылуу гана төргө чыгат,
өтө тез унутулат ..
Жаныңызда алтын таш болсо элге мактанасызбы ?
Бекитип, ороп, эч ким көрүп калбаса экен деп
ушунчалык аздектеп жүрөсүз .
Аялыңызды эмне анча аздектебейсиз?
Аялдарыңарды аттар сыяктуу кызгангыла дейт.
Ат ким бакса жакшы билет .
Ар бир адамдын кесиби болгону жакшы.
Анткени пайгамбарлардын да өзүнчө кесиптери бар эле . Биз эң негизгиси
Аллах Тааланы көбүрөөк эстеп жүрөйлү,
Пайгамбарыбызды тааныйлы, сүннөттөрүнө эргешейли, намаз окуу менен илим үйрөнөйлү,
Аллахты көбүрөөк зикир кылып,
Аллах Тааланын баардык жараткандарына
Аллах каалагандай мамиле кылайлы,
Баарын Аллах үчүн кылып,
Аллах тарапка туугандарыбызды, коңшу-колоң, жакындарыбызды ыйманга чакырып даават кылайлы, баардык пенделердин тилектерин
Кудай Таалам насип кылсын.
Кыска жазып ушуну менен чектелебиз,
Аллах Таалам сизди бактылуукылсын тууганым)

Али Оши~
«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button