alternatetext Багымдат: 04:16 | alternatetextКүн чыгуу: 06:02 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
Макалалар

ЖҮГҮНҮҮ ЖЕ КЕЛИН САЛАМ БЕРҮҮСҮ (2)

Жүгүнүү же келиндин саламы

БИСМИЛЛАХИР РОХМААНИР РОХИИМ

🧕🏻Жүгүнүү же келиндин саламы.

(Сабактын уландысы, экинчи сабак)

✍🏻Абдурахман шейх Зада (разматуллохи алайхи) Кухустанийден (рахматуллохи алайхи):
«Рүкүгө баргандагыдай ийилип салам берүү, сажда кылгандай эле…» (Мажмаъ’а Ал-Анхур 2:542).

Фатава Ал-Хиндияда келет:
«Учурашууда ийилип салам берүү — макрух (жактырылбаган) амалдырдан. Бул боюнча Пайгамбарыбыздын (САВ) хадистери бар.»
(Ал-Фатава Ал-Хиндия 23:135).

Имам Ал-Ширинбуляли (р а) айтты:
«Саламдашуунун түрлөрү:
— Христяндар колду өөп учурашат
— Жөөттөр кол менен ишаарат кылып учурашат
— Отпарастар ийилип учурашат
— Араптардын учураашусу «Хайака Аллах», ал эми мусулмандардын учурашуусу “Ассаламу алейкум ва рахматуллохо ва баракатуху”.

Бул саламдашуунун эң шарапаттуусу жана урматтуусу.
Ошондой эле… Учурашуу иретинде ийилип, эңкейүү макрух (жактырылбаган) амалдардан деди.»

(Саъадату ахли Ал-Ислам бильмусаафазати акду соляту ва салам (1:41), (1:97).

Мухаммад Шаах Анвар Ал-Кашмирий айтты:
«Ханафий аалымдарынын фатваларында келгендей, жоолукканда ийилүү арам даражасындагы макрух (жактырылбаган амал) болуп саналат. »
(Ал-Урф Ал-Шаза шарх сунан Ал-Тирмизи 4:151).

Ал-Нахлявий (рахматуллохи алайхи) айтты:
«Ал эми Исламда ийилүүнүн макрух (жактырылбаган амал) экендигинде талаш жок.»
(Ал-Дурар ал-мабаха фи ал-хазри ва ал-ибаха 1:258).

Ал-Маусува ал-фикхия ал-Кувейтияда:
«Аалымдар айтты: Жоолукканда, рүкүнүн эң аз өлчөмүнө жетпеген даражада, адат болуп калыптанып калгандагыдай башты ийкеп ийилүү, каапырлыкка алып барбайт жана арам дагы эмес, бирок Пайгамбарыбыз (САВ) кайтаргандыктан бул амалды аткарбай койгон туура болот. Ал эми намаздагы рүкү өлчөмүндө ийилүү кээ бир аалымдардын айтымында, эгер Аллахты улуктагандандай даражада болбосо арам же каапырлык эмес, бирок өтө жактырылбаган амал, себеби бул абалда макулукка ибадат кылгандай болуп калат. (Ал-Маусува Ал-фикхия ал-Кувейтия 23:135).

☝🏻Жыйынтыктап айтканда, саламдашууда намаздагы рүкү өлчөмүнө жетпеген даражада баш ийип, салам берүүнүн зыяны жок. Себеби анда «рүкү» мааниси жок. Ал эми башты жана далыны намаздагы рүкү өлчөмүнө жеткире ийилүү макрух (жактырылбаган) амалдардан. Ал кадимки отко сыйынгандардын амалдарынан болуп калат. Мындан Пайгамбарыбыз (САВ) кайтаргандыктан шариятта тыюу салынат. Эгер ниетинде сыйынуу болбосо, жөн гана ийилүү менен Аллахка шерик кошкон болуп калбайт.

🧕🏻Которуп даярдаган: Мээрим Сардыбаева @hanafi_ladies.

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button