alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
МакалаларТаасирдүү окуялар

Түн жарымында

Түн жарымында

Түн. Саат бирлер чамасы. Тойдон чыгып үйгө кайтып бара жатканмын. Ош-Бишкек жолу, Шамалдуу-Сайга жетпей чоң трассанын жээгинде жалгыз, жашы он экилердеги бала помидор сатып олтурат. Эмнегедир токтогум келди. Унаамды токтотуп тиги балага басып бардым.
-Уулум помидоруң канчадан?
-40 сом ава.
-Баарын канчага бересиң?
-300 сомго.
— Макул мен баарын алам, эмнеге түндө сатып жатасың уулум, уйкудан каласың, окууга барышың керек, шамал катуу болуп жатат ооруп калышың мүмкүн.
-Апам ооруканада, дарыга акча керек, атам Россияга кеткен, үйдө карындашым экөөбүз эле,- деди.
— Эмне атаң акча салбайбы?
— Атам ылайыктуу иш таппай жаткан имиш.
Тиги балага боорум оруду, чөнтөгүмөн беш жүз сом алып колуна карматтым. Ал мага 200 сомду кайра кайтарды. Мен ага ал дедим, сага жардам.
Биз мээнетибиздин акчасын гана алабыз, чоң энем ошенткен- дейт.
Болбой чөнтөгүнө салып койдум.
-Бар уулум, бара кой- дедим.
-Рахмат ава, -деп жол ылдый чуркады. Мен аны күзөтүп карап турдум. Анча узагандан кийин мени бир карап колун булгап койду.
Үйгө келгенче ар кайсы ой келди. Өзүмдү кээде сөгөмүн. Тойго кошкон 5000 сомду эмнеге ушуларга бербеймин?
Жол жээгинде олтуруп майда-чүйдө сатып жаткан балдардын буюмдарын сатып алгыла, кереги жок болсо да сатып алгыла. Алар жыргаганынан олтурушкан жок. Жок дегенде ушинтип болсо да бири-бирибизге жардам колубузду суналы.

Б.Надырбаев

Ак көңүл адамдар көп болсун.

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ T.me/formulakg
✿ Youtube.com/FormulaMediaKG
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button