20.1 C
Bishkek
14.07.2025
Жаңылыктар

Москва шаарындагы «Крокус Сити Холл» залында Эл аралык Куран жарышы өтөт

2017-жылдын 8-октябрында Москва шаарындагы «Крокус Сити Холл» залында Эл аралык Куран жарышы өтүп, анда Кыргызстандын намысын Абидмалик Козубеков коргоп келмекчи. Куран жарышында 32 мамлекеттин катышуусунда алдыңкы орундарды багындырган 5 мыкты  Куран окуган талапкерлер ат салышышмакчы. Ошондой эле конкурс алкагында катышкан Куран жаттоо боюнча дин аалымдары мастер-класстарды жана лекцияларды отүшөөрү күтүлүүдө. Ал эми конкурстун жеңүүчүлөрүнө умарга, ажылыкка жолдомолор, Марокко менен  Түркияга эс алууга билеттер жана Iphone 7 берилмекчи.  Ал эми көрүүчүлөр бул күнү кайрымдуулук ирээтинде жайылган  адал тамактардан даам сызышып, бир топ кызыктуу оюн-зоокторго күбө болушмакчы

Related posts

Кызыл-Кыяда “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” аттуу аалымдарды эскерүү кечеси болуп, Куран окулду

Ош шаарында ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча жыйын өтүп, анда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен иштөө тапшырмасы берилди

Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев Баткен облусунда Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков менен жолугушту

Leave a Comment