alternatetext Багымдат: 04:14 | alternatetextКүн чыгуу: 06:00 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:57 | alternatetextШам: 20:01 | alternatetextКуптан: 21:49
КоомМакалалар

Мечит эмес, мектеп курулсун дегендерге

“Ассанабил” кайрымдуулук фонду буга чейин өлкөнүн ар кайсы аймактарына 40тай мектеп, 20-30дай медпункт куруп, мамлекетке өткөрүп берген.

Аянты 31000 м2 болгон социалдык шаарчанын ичинде: жалпы 152 батир, тигүү цехи, фельдшердик-акушердик пункт (ФАП), азык-түлүк дүкөнү, мечит, футбол аянтчасы жана мектеп бар.

Социалдык шаарча жана анын ичиндеги бардык объектилер Октябрь айылдык кеңешине акысыз негизде өткөрүлүп берилген.

“Ас-Сафа” кайрымдуулук фонду ишке ашырган мындай чоң масштабдагы жалгыз долбоор эмес. Буга чейин төмөнкү шаарчаларды куруп, пайдаланууга берген:

— Садовое айылы (Чүй облусу, Москва району) — 68 батир, ФАП, дүкөн, мечит жана футбол аянтчасы;

— Чым Коргон айылы (Чүй облусу, Кемин району) — 100 батир, ФАП, дүкөн, мечит, наабайкана, тигүү цехи жана футбол аянтчасы;

— Баткен шаары (Баткен облусу) — 106 батир, ФАП, мечит, бала бакча жана футбол аянтчасы;

Учурда дагы 4 социалдык шаарчанын курулуш иштери жүрүп жатат:

— Токмок шаары (Чүй облусу) — 100 батир, ФАП, мечит, дүкөн, тигүү цехи жана футбол аянтчасы;

— Гүлчө шаары (Ош облусу, Алай району) — 64 батир, ФАП, мечит, дүкөн, тигүү цехи жана футбол аянтчасы;

— Куршаб айылы (Ош облусу, Өзгөн району) — 84 батир, мечит, дүкөн, тигүү цехи жана футбол аянтчасы;

— Вознесеновка айылы (Чүй облусу, Панфилов району) — 80 батир, ФАП, мечит, тигүү цехи жана футбол аянтчасы;

2015-жылдан бери “Ас-Сафа” жесир жана жалгыз бой көп балалуу энелерге 495 турак үй куруп берди.

“Ас-Сафа” кайрымдуулук фондунан тышкары, “Эл аралык “Ассанабил” кайрымдуулук фонду Жалал-Абад шаарынын Спутник аймактык башкармалыгында 1.25 гектар жер аянтты ээлеген “Бахрейн” деп аталган жаңы шаарча кура баштады. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан кабарлашты.

Фонд бул аймакта мектептен сырткары бала бакча, үй-бүлөлүк дарыгерлер пунктун, мечит жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө турак-жайларды куруп бермекчи. Курулуш иштерин толугу менен бир жыл ичинде бүткөрүү пландалууда.

Булак: «Умма» журналы

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button