alternatetext Багымдат: 04:06 | alternatetextКүн чыгуу: 05:55 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:00 | alternatetextШам: 20:06 | alternatetextКуптан: 21:58
ВидеоЖаңылыктарМедиа
Эң мыкты

Мадумаров: Казино мыйзамын талкуулого жол берилбей, кандай жол менен болсо да өткөрүү аракети болуп жатат

Жогорку Кеңештин 22-июндагы жыйынында «Кыргызстандагы оюн-зоок иши жөнүндө» жана «Оюн-зоок ишинин маселелери боюнча айрым актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбооруна добуш берүү үзгүлтүккө учурап, жыйынга танапис жарыяланды.

Аталган мыйзам долбоору экинчи-үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлүп, каттоодон өткөн 74 депутаттын алтоо каршы же макул деген добуш берген эмес.

Алардын бири «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров аталган мыйзам долбоорун талкуулоого жол берилбей, кандай жол менен болсо да өткөрүү аракети болуп жаткандыктан, ушул ыкма менен мыйзамды өткөрбөө үчүн атайын ушундай кадамга барып жатышканын айтты.

Парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитети 20-июнда бул мыйзам долбоорду жабык карап, экинчи жана үчүнчү окууда дароо карап, көпчүлүк добуш менен кабыл алган.

Депутаттар арасында казиного уруксат берүүнүн кесепети оор болорун айтып, каршы пикирин билдиргендер болду.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мыйзам кабыл алынса, андагы коюлган талаптардын так сакталышына убада берди.

Өткөн аптада аталган комитет чет элдик жарандар үчүн казино ачууга жол берген мыйзам долбоорун караган эмес. Анда депутаттар талкууну түз эфирде көрсөтүүнү жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун келишин талап кылышкан.

Парламент өткөн айда бул долбоорду биринчи окууда колдогон.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button