15.1 C
Bishkek
12.07.2025
Жаңылыктар

Кыргызстан Ислам Университети Түркия мамлекетинин жогорку окуу жайлары менен кызматташат

Кыргызстан Ислам Университетин жалпы Түрк дүйнөсүнө белгилүү  Нажмиддин Эрбакан инсандын уулу Фатих Эрбакан зыярат кылып, окуу жайдын мугалимдери менен жолугушту. Түркия мамлекетинен келген меймандарды ректор Марс Ибраев кабыл алып, университеттин билим берүү системасы, аткарылып жаткан иштер жана келечектеги пландар боюнча кабар берип, окуу жай менен эркин форматта тааныштырды. Муну менен катар эки тараптуу жолугушуунун алкагында билим берүү системасын өркүндөтүү  тармагында тажырыйба алмашуу тууралуу пикир алышып, кызматташтыкты бекемдөө жаатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Муну менен катар Фатих Эрбакан жана Түркиянын жогорку окуу жайларынын профессорлору КИУнун студенттерине бир тууган эки журттун ынтымак-биримдиги, достук карым-катнашы туурасында лекцияларын өтүшүп, билим тармагындагы инсандын келечеги кең экендигин окуучуларга илимий тилде түшүндүрүп беришти.

http://muftiyat.kg

Related posts

Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев Баткен облустук казыятында чукул жыйын өткөрдү

Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматовдун кыргыз элине кайрылуусу

Адилет Сыдыков

Нарындын Эмгекчил айылында спирттик ичимдиктер талкаланды

admin

Leave a Comment