alternatetext Багымдат: 04:14 | alternatetextКүн чыгуу: 06:00 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:57 | alternatetextШам: 20:01 | alternatetextКуптан: 21:49
Суроо-Жооп

«Кока-кола» суусундугун ичүүгө болобу?

Мыктыбек Арстанбек мырза. Сиз билсениз керек,ушул CoCa Cola суусундугун ичүүгө болобу?

Акыркы кездерде коп пайдаланчу
болдум…

Айтып коюнузчу, башка билбегендер
да билип алышсын. Бул суусунду боюнча эл арасында ар кандай создор айтылып келет…


Жооп: Ассалому алейкум, туугандар. Мен бир канча күн
интернетке кирбей, силердин сурооңуздарды
көрбөй калыптырмын, кечирим сурайм! Кола
боюнча ар кайсы мамлекет колунан келишинче
тыйуу салат. Кээ бирөөлөр ачык тыйуу салса
кээлери аларды адал чыгарууга (Малайзия)
мажбурлашат. Кыргызстан бул боюнча кадимки
адаттагыдай эле, зыяны жок болсо уруксат деген.
Анын үстүнө Кола дүнүйөлүк саясатка катуу таасир
тийгизген бренд болгондуктан ага ар ким эле даап
бир нерсе дей албайт. Өзгөчө Кыргызстан
«лаббайдан» башка аргасы жок. Бир сөз менен
Коланы (фантаны жана ал компания чыгарган бүт
азыктарды) адал же арам деөө өтө эле кыйын,
анткени анын рецепти чоң сыр катары сакталат.
Биз ошондуктан бул ичимдиктерди «күмөн»
даражасында карайбыз. Ал эми анын
этикеткасындагы жазуу же анын акчасы исламга
каршы иштетилгени тууралу далил жок (мен көрбөдүм). Ошондуктан шариатта «күмөндөн
сактануу арамдан саламат болуу» деген эрежеге
ылайык мамиле жасайбыз. Тагыраагын Аллах билүүчү.

 

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button