alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
Жаңылыктар

Ирак армиясы ДАИШтин көзөмөлүндөгү түркмөн шаарчасы Телаферге чабуул баштады

Ирак армиясынын Кургактык күчтөрүнүн командирлигинде кызмат өтөгөн генерал Шемседдин  Мухаммед Анбери, эл аралык коалиция күчтөрүнө таандык F-16лар менен түн ортосунда Телафер шаарынын борборуна  жана айланасындагы террористтер жайгашкан буталарга 13 чабуул уюштургандарын маалымдады.

Анбери, Ирак армиясына тийиштүү замбирекчи бөлүктөр дагы ДАИШке тиешелүү буталарды көздөй ок жаадырып, коалиция күчтөрүнө колдоо көрсөткөндөрүн белгиледи.

ДАИШ террордук уюму, Мосул шаарынын борборунан 63 км батыш жагында орун алган, түркмөндөрдүн басымдуу бөлүгү жашаган Телафер шаарын 2014-жылдын 16-июнунда басып алган.

Булак
"ТРТ"

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button