alternatetext Багымдат: 04:12 | alternatetextКүн чыгуу: 05:59 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:57 | alternatetextШам: 20:02 | alternatetextКуптан: 21:51
Жаңылыктар

Gatestone Institute: Улуу Британияда мусулмандардын саны 2 эсеге өстү

Gatestone Institute аналитикалык борборунун бул жылкы отчетунда Улуу Британиядагы ислам дининин өнүгүү тенденциясы жарыяланган. Анда ислам динин кабыл алган британиялыктардын саны 2 эсеге өскөнү айтылат.

Дүйнө жүзүндө ислам тууралуу бурмаланган, негативдүү маалыматтардын кеңири жайылганына карабастан Батыш Европада, анын ичинде Улуу Британияда ислам дини ургаалдуу өнүгүүдө.

Учурда Улуу Британиядагы диний кырдаалдын бардык факторлору эске алынуу менен 2020-жылы Лондондо мечитке келгендердин саны 683 000ге өсөрү, ошол эле учурда чиркөөгө келгендердин саны 679 000ге түшөрү болжолдонгон. Бул тууралуу Кавказ мусулмандарынын порталы Gatestone Institute борборуна шилтеме берип жазат.

Мындан тышкары Лондон шаарында 423 жаңы мечит курулуп, адамдар келбей калган себептүү 500 чиркөө жабылууга дуушар болгон. Айрым эски христиан храмдары турак жайга, ал эми кээ бирлери мечитке айланган учурлар да бар.

%article_title%
Англияда ислам келечектин дини болот

Ал эми Pew Research изилдөө борборунун акыркы статистикалык маалыматтары боюнча, Улуу Британияда учурда 3 миллионго жакын мусулман жашайт. BBC дүйнөлүк кызматы Британияда ислам динин кабыл алгандардын көбү аялдар экенин жазышкан.

Мындан 6 жыл мурун, 2013-жылы, newsru.com сайты христиан динин тутунгандардын саны 50%га төмөндөп, ал эми ислам дини болуп көрбөгөндөй тездик менен өсүп жатканын жазып чыгышкан. Анда ар бир онунчу 25 жаштагы британиялык өзүн мусулман деп эсептери айтылат.

Бул сайттын журналисттери эксперттердин иликтөөлөрүн эске алышып, акыркы 10 жылда Улуу Британияда ислам дини үстөмдүк кыларын болжошкон. Ошондой эле, аталган сайтта христиан динин тутунгандардын көбү улгайган курактагылар экендиги баса белгиленет.

%article_title%
Британияда ислам сандык гана эмес сапаттык жактан да өнүгүүдө

Британияда ислам сандык гана эмес, а сапаттык көрсөткүчтө да мыкты жыйынтыктарды берүүдө.

Маселен, Лондон бүгүнкү күндө ислам финансысынын борбору болуп саналат. Анткени бул өлкөнүн 46 университетинде ислам каржысы боюнча курстар окутулуп, 10 банкы ислам эрежелерине ылайык иштөөдө. 14 банкта атайын ислам каржысы терезелери бар. 2013-жылы Лондондо бүткүл дүйнөлүк 9-ислам экономикалык форуму өткөн. Иш-чарага Британиянын таасирдүү саясатчы, экономист, окумуштуулары катышып, алардын арасында өлкөнүн премьер-министри Дэвид Кэмерон да болгон. Кэмерон өз сөзүндө ислам финансысынын келечеги чоң экендигин айткан жайы бар.

Британияда билим берүү, маданият, социалдык активдүүлүккө үндөгөн уюмдар түрдүү иш-чараларын жүргүзүп келишет. Алсак, жыл сайын бул өлкөдө 150дөй мечит жана ислам борборлору башка ишенимди тутунган адамдарга өз эшигин ачат. Бул иш-чара “Мечитибизге кош келдиң!” деп аталып, мусулман эместерди ислам баалуулуктары менен тааныштырууну көздөйт.

Маалымат жайылтуунун башкы куралы болгон Тhe Muslim News, Islamic Times, Emel Magazine журналдары жана Ислам ТВ, Умма ТВ, Рамадан ТВ жана Нур ТВ өз ишмердүүлүктөрүн жүргүзүп келишет.

http://ummamag.kg

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button