Бурулкан үйүнө келгенде кызы үйдү зыңкыйта тазалап, тамагын даярдап отурган экен. Эртеден кечке тикесинен-тик туруп соода кылып, чарчап-чаалыгып келген эме, кызынын айттырбай жасаган оокаттарын көргөндө жаны бир аз жай алып жыргай түшкөнсүдү.
Ушул кызы кол арага жарагандан бери, жок дегенде үй тиричилигинен бир аз арылды. Кыз бала турмуш тиричиликке бат аралашат эмеспи. Анын үстүнө, Кудай жалгап кызы да элпек, тил-алчаак болуп өсүп келе жатат. Башка кыздарчылап көчөнүн, кийимдин чатагын кылбайт. Болгонго болгондой ыраазы болуп кала берет. Анан да кийинки күндөрү динчил болуп бараткансыйт. Анысы го жакшы эле дечи, кээде эле китеп, журналдарды окуп алып апасынын башын оорутканы болбосо. Азыр да бир аз эс ала калайын деп диванга жата калган апасына келип:
“Апа, тамактангыча телевизор көрбөйсүзбү, молдо сүйлөп жатат”,- деп чакырды.
“Тамактанса тамактаналы, а молдолоруң сүйлөй берет да. Көчөдө да, базарда да ушулар, эми телевизордон да сүйлөй баштаган го”.
Алар бөлмөгө киришкенде телевизордон Абдушүкүр Нарматов сүйлөп жаткан экен.
“ Башкага койчу жакшыраак бир нерсе бар бекен?” – деди, Бурулкан көргүсү келбей.
“Жарытылуу эч нерсе жок экен, ушуну эле укпайсызбы, как раз соода жөнүндө айтып жатат”.
“Койчу кызым, буларың эмне?, жебегиле, алдабагыла»,- дегенден башка эмнени айтмак эле.
“Бизчилеп эртеден кечке көк муздун үстүндө калчылдап турса көрөт элем алдабаганын”.
“Чай ичиңиз”,- деди, кызы сөзүн бөлүп.
“Силердин алдаган-алдабаганыңардын аларга пайда-зыяны деле жок да. Алар деле бир нерсени билгени үчүн айтат да”.
“Сен да молдолугуңду баштаганы калдыңбы, жөн отурчу эми”,- деп, кызын кагып койду Бурулкан.
“ Баары бир элди алдабай эле койгон жакшы да апаке”,- деп эркелеген кыз пультту алып, телевизордун үнүн көтөрүп койду.
Нарматовдун шаңкылдаган үнү бөлмөгө толо түшкөнсүдү. Ал:
“Вайл болсун, азап болсун таразадан алдагандарга. Алар башкалардан туура тартып алышат да, кайра кемитип алдап сатышат”,- деп, Куран аятын түшүндүрүп жатты. Анын ушул айткандары
Бурулканды ойлонтууга аргасыз кылды:
“Ырас эле, бул молдолоруң баарын кайдан билип алат? Мына мен эле тогуз жылдан бээри алганда туура тараза менен алып, сатканда бузук тараза менен сатам. Мунун айтканы мага да тиешелүүбү, мен да азапка туш боломбу?” – деп, ойго бата түштү да, кайра: “Койчу, мен эмне жыргаганымдан алдап жатыптырмынбы?, бала-чаканы багам деп жүрөм да кыйналып”,- деп өзүн сооротту. Анын ушул оюн окуп алгансып, Абдушүкүр:
“Эй, менин мусулман бир тууганым! Балким, сен таразадан алдап бала-чакамды багып жатам деп ойлоорсуң. Бирок, эмне үчүн келечекте сени бага турган, сенин тукумуңду улай турган балдарыңа арам тамак берип жатканыңды ойлобойсуң? Арам тамак менен өскөн дененин бейишке кирбестигин билбейсиңби?”.
Абдушүкүрдүн кийинки сөздөрү Бурулхандын кулагына кирген жок. Ал кызынын алдында өзүн оңтойсуз сезип, кызына карай калды. Табактагы тамагын жылдыра коюп апасына жалт караган кыздын көзү апасына чагыла түштү. Эненин сезимтал жүрөгү кыздын көзүнөн энеге тил менен айта алгыс, сөз менен жеткире алгыс терең ойду окуп алгансыды. Төрөп, өстүрүп чоңойткон кызынын бул көз карашына өз күнөөсүн сезген эненин эрки алсыздык кылып көзүн ала качты да:
“Эртең таразаны оңдоп коём, кызым”,- деп ооз учунан унчукту. Абдушүкүрдүн сөөктөн өтүп чучукка жеткен курч сөздөрү жүрөгүнө кадалган аял, кызынын ары каардуу, ары аянычтуу көз карашы көкүрөгүнө сайылган эне мындан башка сөз айта алмак эмес эле.
Бул кезде Абдушүкүр да сөзүн аяктап, алдоо жолу менен тапкан акчанын берекеси болбостугун, ошондуктан кайсы бир белгилүү адам, таразанын табагына конгон чаңдарды да сүртүп туруу зарыл экендигин айтканын белгилеп жаткан экен.
Бөлмөдөн чыгып бараткан Бурулкан кайрадан ойго батты.
“ Ырас эле”,- деди ичинен, “ Канча жылдан бери таң атпай кетип, кечке дейре соода кылам, же байып жыргап кеткен жерим жок. Дагы эле баягы башка тартсаң бутка жок, бутка тартсаң башка жок”.
Бул күнү эне менен кыздын ортосунда жарытылуу маек деле уланган жок. Ар кимиси өз иши менен алек болуп жүрүп жатууга камынышты. Бирок, экөөнүн тең оюнан «тараза» жөнүндөгү Абдушүкүрдүн айтканы кеткен жок. Экөөнүн тең кулагына «Азап болсун, таразадан уруп калуучуларга!»-деген, шаңкылдаган үн кайра-кайра жаңырып тургансыды.
“Апа мен мектепке кеттим, чайыңызды даярдап койдум”,- деген кызынын үнү ойготту Бурулканды, “Мен кечигип калам,- деп чай ичпедим, сизге даярдап койдум, анан апаке, таразаны унутпа”,- деп, күлүмсүрөй кол булгалады да чыгып кетти.
Кечеги окуяны унутпаган кызын узата карап: “Оңдосо оңдоп коём”,- деп, күбүрөнгөнчө ордунан турду Бурулхан. Кечээ «Таразаны барарым менен эле тууралап коюн»,- деп ниет кылып жаткан эле. Азыр болсо ою өзгөрүп калганын байкады. «Таразаны тууралаганда канча акчадан куру калам»,- деп ойлоду өзүнчө. «Жок эле дегенде күнүнө жүз сом. Ким берет жүз сомду мага күн сайын?». «Жок ал сага арам болуп жатпайбы, кызыңды арам тамак менен багып атпайсыңбы?». Экинчи бир сезим ушунтип шыбырап жаткансыды. «Жок, анда сен айына үч миң сомдон куру каласың. Элдер деле алдап жатпайбы. Сен деле эл катарысың»,- деп айтып жатты баягы ою. Жолдо да маршруткада да ушул эки ой Бурулканды эзип, оор жүк көтөргөнсүп башы ооруп чыкты.
…Базар өз турмушун жаңы эле баштап, ар ким өз товарын ташып чыгып, ачып өмүрдүн дагы бир күнүн ушул жерде өткөрүүгө даярданып жатышкан экен. Бурулкан да жайып-тизип болуп, баягы эле эки анжы ойдон кутула албай башы катып турду. Акыры болуптур бүгүнчө соода кыла берейин, эртең дагы бир нерсеси болоор деген тыянак чыгарды да, кечээ окулбай калган «Супер-Инфосун» барактай баштады.
“Эже, мага эки килограмм шекер бериңизчи”,- деген, кыздын жумшак үнү Бурулхандын көңүлүн бурду.
“Азыр”. Газетаны ары таштап кызга карады. Татынакай жолук салынган кыз туруптур маңдайында. Анын кийимин көрүп, кызынын: «Мектепти бүтсөм эле хижап кийем»,- деген сөзүн эстеди. Сонун эле жарашат турбайбы, жылаңач жүргөндөн көрө деп ойлоп кетти ичинен.
“Таразаңыз туура да, эжеке”,- деп кыз оюн бузуп жиберди. Мурун мындай суроолорго дароо эле «Ооба»,- деп жооп бере салчу. Бул жолу эмне дээрин билбей калды.
“Ия, азыр”, — өмүрүндө мынчалык апкаарыган эмес эле Бурулхан.
“ Мына өзүң салып турчу”, -савокту кызга кармата салды да:
“Мен азыр”,- деп, таразанын табак койчу жерине жармаштырып койгон магнит ташын алып, бутуна коюп койгон жыгачты алып таштады да таразаны тууралап койду.
“Кана, койчу”,- деди аны күлүмсүрөп карап турган кызга кайрылып. Кыз баштыкты коёюн дегенде, анын колунан кармай калды:
“Токтой турчу”. Шашылган Бурулкан чөнтөгүнөн кечинде эле сатып алган апакай бет аарчысын ала коюп таразанын табагын сүртө баштады. Качантан берки чаң менен кирге катып калган табакты мизилдете аарчып бүттү да:
“Эми коё берсең болот”,- деди кызга жылмайып.
“Ырахмат, эже”- деди, кыз ыраазы болгон үн менен акчасын узатып жатып. “Береке табыңыз”-деди.
“Аш болсун”. Бурулкан өз үнүн-өзү тааныбай калды.
“Уф”- деп оор үшкүрдү, ошол үшкүрүк менен денесиндеги оор жүктү чыгарып салгандай жеңилдей түштү. Акча кармаган алаканы тердеп кетти. Ушул арзыбаган акча өтө баалуудай сезилди Бурулханга. Мындай акчанын эченин кармап жүрсө да бул акча башкачадай көрүндү Бурулханга. Адал жол менен келген акчанын илеби колунан өтүп денесине таркап жаткандай сезилди Бурулканга. Алаканын көкүрөгүнө коюп көзүн жумду. Эки карегинен бөлүнүп чыгып, кабак кычыктарынан чыга албай турган эки тамчы жаш мөлт этип ыргып кетти да бир тамчысы таразанын табагына тып тамып жайыла түштү. Бул тамчы жаш качантан берки жасап жүргөн күнөөлөргө өкүнгөн жүрөктүн кайгысына чыдабай сызып чыккан көз жашыдыр. Балким, күнөөдөн кутулуп туура жолго түшкөнүнө кубанган жүрөктүн сүйүнүчүнө жетине албай агып чыккан көз жашдыр. А балким, аны биз эмес дал ошол көз жаштын ээси болгон Бурулкан өзү да ажыратып биле албастыр. Андыктан, биз ал көз жашты жөн гана тараза табагына тамган жаш деп атап койгонубуз туура болоор.
Алайчы Сеитбеков