alternatetext Багымдат: 06:18 | alternatetextКүн чыгуу: 07:49 | alternatetext Бешим: 13:18 | alternatetextАср: 17:00 | alternatetextШам: 18:44 | alternatetextКуптан: 20:18
РубрикасызТаасирдүү окуялар

Бирөөгө сынтагуудан абайлаңыз!

Жубайлар жаңы квартирага көчүп келип жашап калышат. Эрте менен уйкудан араң ойгонгон аялы терезени карап, жуулган кийимдерин жайып жүргөн кошунасын көрөт.

— Шейшептеринин кирлигин карачы!

Гезит окуп олтурган күйөөсү аялынын сөзүнө көңүл бурбады.

— Чагымда анын самыны начар же ал кир жууганды билбейт! Ага кир жууганды үйрөтүп коюш керек экен.

Күндөрдүн биринде эрте менен терезеге карап, “Оо, бүгүн кошунамдын шейшептери таптаза жуулуптур! Кир жууганды үйрөнгөн окшойт” – деди.

Анда күйөөсү:

— Жок, бүгүн мен эрте менен туруп, терезелерди жууп чыктым. 

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button