alternatetext Багымдат: 04:16 | alternatetextКүн чыгуу: 06:02 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:57 | alternatetextШам: 20:01 | alternatetextКуптан: 21:49
МакалаларРубрикасызСуроо-Жооп

Жылдызга карап ооз бекитүү деген жок

1) Орозо учурунда какырыкты жутуп алса ооз ачылбайбы?
Жооп: Какырыкты жутуп алуудан ооз ачылбайт. Шилекейди жутуп алуудан да ооз ачылбайт. Түкүрүктү жутуп алуудан да ооз ачылбайт. А бирок, оозуна шилекейин топтоп жутуп жибере турган болсо, макрух болгону менен орозосу бузулбайт.
2) Орозо тутуп, күндүз кечке уктаса болобу?
Жооп: Казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса. Уктаса деле болот. Бирок, касиеттүү күндөрдү уйку менен эмес, таат-ибадат менен өткөрсө жакшылардын жакшы адатына жабышкан болор.
3) Гинекологко барган аял кан тамырга ийне сайдырып, тампон койсо ооз ачылбайбы?
Жооп: Ийне сайдыруу аттуунун баарынан ооз ачылбайт. Тампон деген нерсенин бир учу сыртка чыгып турса оозу ачылбайт.
3) Орозо тутуп, бирок кыйналып иштесең болбой калабы, же кыйналып иштесең да орозо туткан жакшыбы?
Жооп: Орозодо баары эле кыйналат. Ошого жараша сооп берилет. А бирок, кыйналуу оорулуу болуп калууга алып келе турган болсо, анда ооз ачып алууга уруксат берилет. Качан кыйынчылык кеткенде орозосун күнүнө күн кармап берет.
4) Оозду өз убагынан кеч бекитсе эмне болот? Бирок асманда жылдыз бар болот.
Жооп: Кээде таң аткандан кийин да жылдыздар жымыңдап тура берет. Айтор, шариатыбызда жылдызга карап орозо кармагыла деген маани жок. Ооз бекитүүнү убагына карап аткаруу этиеттик болот.
5) Орозодо косметика (памада, крем) койсо болобу?
Жооп: Зыяны тийбейт. Орозо бузулбайт.
6) Орозо кармаган адамдын алдында тамак жесе күнөө болбойбу?
Жооп: Күнөө деле болбойт. Болгону адепсиздик катары бааланат. Орозо кармаган адамдын ичтейин ачып, анын орозо кармоосун кыйындатып жибере турган болсо макрух болот.
7) 5 айлык баласын эмизбей, сүт менен баккан аялга орозо тутуу милдетпи?
Жооп: Кандайдыр бир себептерден улам баласын эмизбей калган аялзаты орозодон бошотулбайт. Кармоосу милдеттүү болот.
8) Балдарымды өөп-жыттасам оозум ачылбайбы?
Жооп: Жок. Орозо бузулбайт. Жыныстык козголууну шарттай турган болсо макрух, эгерде шахваты козголгондон улам гусул ваажып болуп кала турган болсо, ошол күнкү орозосу бузулат. Каза кармап берүүсү милдеттүү.
9) Орозо өзү кимдерге парз?
Жооп: Мусулман, ден-соолугу жол берген, сапарда эмес, айыз-нипас көрбөй турган, балагатка жеткен ар бир мусулман эркекке жана аялга парз.
10) «Маджалис рамадан» деген китепти окуса болобу?
Жооп: Болот. Мындай темадагы китептер бир кыйла. Анализдеп окусаңыз жакшы эле болот. Башка жамааттын китептерин окуганда салыштырууга туура келет. Ошондо орошон акыйкат ортого чыгат.
11) Москвада орозо 19 сааттан ашык кармалат экен. 3 жерде иштейм, жумушум оор, же тобокел кылып кармай берейинби?
Жооп: Карап көр садагасы, колуңдан келсе карма.
12) Орозодо баш жууп, көлгө түшсө, тиш жулдурса болобу?
Жооп: Бардыгы болот. Болгону көлгө түшкөндө оозу-мурдуңду этиет карма. Суу кирип кетсе орозо бузулат. Каза ваажып болот.
13) Гусулу жок адамдын колунан тамак жесе намаз кабыл болобу?
Жооп: Колун жууган болсо боло берет. Гусулу менен болгону жакшыраак.
14) Орозодо шайтандар байланат дейт. Адамга кирип алган үч тамгалуулар да байланабы?
Жооп: Орозодо шайтандын чоңдору байланат. Майдалары шуулдап иштеп турушат.
15) Дааваттан сакал коюп келдим. Жумушка барсам сакалыңды алып кел деп чыгарып коюшту. Башка жумуш таба албай жатам. Эмне кылсам болот?
Жооп: Сакал сүннөт, адал ырыскы таап балдарды багуу парз. Парз менен сүннөт бири-бирине каршы келсе, сүннөт ташталат.
16) Кулагым ооруйт. Кулак, мурун, кекиртектин тамыры бир болгондуктан, кулагым ооруганда жагымсыз нерсе кекиртегиме түшүп турат. Ооз беките берсем болобу?
Жооп: Болот. Зыяны тийбейт.
17) Эртең менен ооз бекитпей (эч нерсе жебей) орозо кармаса болобу?
Жооп: Макрух болуу менен болот.
18) Баш кийим (топу) кийүүнүн өкүмү кандай? Бул тууралуу хадис барбы?
Жооп: Сүннөт менен адептин ортосунда. Пайгамбарыбыз алайхис саламдын баш кийимчен жүргөнү көп риваят кылынат.
19) Таравих намазындагы тасбих чогуу айтылабы же бир эле адам айтабы?
Жооп: Ыктыярдуу. Кандай кылса да жараша бере турган оокат.
20) Москвадан Бишкеке машина менен жолго чыккан учурда ооз бекитип алсам болобу? Бирок канча убакыт орозо кармап калам билбей жатам.
Жооп: Кыйналып баратсаңыз ачып алсаңыз да болот. Мусаапырларга уруксат берилет.
21) Жоолук салынып намаз окубаган, намаз окуп жоолук салынбаган кыздын ортосунда сооп жагынан айырмачылык болобу?
Жооп: Болот. Кагазга оролгон конфет менен, кагазы түшүп калып, чимели кумурска басып кеткен конфеттей айырмасы бар. Сооп жагына келсек, бири парзын аткарбаган үчүн күнөөкөр болсо, экинчиси парзын аткарган үчүн соопко ээ болот.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button