alternatetext Багымдат: 04:16 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
АңгемелерТарбия

Айдын көз жашы (Исламий проза)

… Бу баягы бизге тааныш кыз…
Апасынан калган аманат тандырга үзбөй нанын жаап, бели бүкүр атасынын жанында көп жыл элгенчелик, дааратына суу жылытып, жакасына кир жугузбай багып, адамдардын эсинде калбаган кайсы бир ар таңдардын биринде көз жумган шол чалдын дубасын көп алган кыз эми келин болуп босогосун аттаган үйдө кызын уктатып, жанында китеп окуп отурат. Бир барагына аярдай, жаттап алчудан бетер эрдин кыбыратып, бир барагына тек гана көз чуркатып кетет. Эки кулагы сыртта. Күйөөсү кечикти. Күйөөсү кенчилерге биргат. «Айлык жазам, бүгүнтөн кечиксе пулсуз калышат», — деп кызын бакчадан алып келип коюп, те асирге жуук мотоциклин минген боюнча кенге чыгып кеткен. Келер маалынан өттү… …бу баягы бизге тааныш кыз…
Атасынын элүү сом пенсиясын эки жанга себелеп айдан айга жеткирген менен шондон
чымчымдан болсо да топтоп жай келди карыган атасын бир кочуш орозгерине кошуп, коңшу-колоңго табыштап, бир ай-жарым ай окуунун аркасынан шаарда таманы тешилди го…
Насип экен, жылдардын бир жылдарында күсөгөнүнө да жетпедиби. Үчүнчү курста экенде жайкы сессиясын берип, атасына атап эки кила сапсары набатын көтөрүп, айылына келатканда жибектей созулган бир кенчи жигит учурайт да, бир көрүш менен «айылыңа жеткирем» деп туруп Ноокаттан ары Пүлгөнгө ала качты… Дипломун жактаган жылы шаарга өзүнө куюп койгондой окшош, тырмак менен ойгондой жүлжүгүй көз кызды кошо
көтөрө келди. Курсташ кыздары кетер-кеткиче аны биринен бири талашып, колдон
түшүрбөй жүрүшкөнүн азыр маал-маал эстеп калат…
Башын буруп кызына карап койду. Атасы кечикти…
Эки ай өттү, ошо колу базгандай, мүнөзү жумшак кенчи күйөөсү экөө ээрчишип отпусканын он күнүн шаардан орун-очок алып, калаадан көңүлү кала элек агасыныкында
өткөрүшкөн. Кызын ортого алып, түстүү сүрөткө түшүштү. …Кызын күндө бир маал ысык сууга киринтет, анысынын эки сөзүнүн бири «балмуздак». Кызын көтөрүп алып салкынканадан чыкпайт. Ылдый жакта төгүлгөн бир машина кумда тээ каш карайганга чейин өрмөлөп жүргөн балдарды «болду, оюнга тойдуң» деп жетелеп кетчү атаэнелердин
үй-үйүндө бейгам отурганына таң. Бир сапар «Аскар эле, Аскар, беркел эле, беркел!» деп салкынканадан доош кылып, китеп-ситеп карамыш болуп, эригип отурган күйөөсүн
(самолетко билет болбой эки күн кечигишкен) чакырып калды. «Мушташып атат, карачы!
Көзү-пөзүн чыгара тепсе имне болот? Барып ажырат!» Жумушунан жаңы келип, эми эле чайга отурган агасы күйөө баласынан мурда бир колуна гезитин, бир колуна пиаласын кармап, жүгүрүп чыгыптыр. Ылдый карап күлүп жиберди: «Дагы бир нерсе болуп кеткен экен десе… мушташты көрө элексиңер, олор каратэ тебишип атат». Жаңыдан курсак байлап келаткан агасынын беймарал туруп айтканына: «Ошентип ойногон оюну курусун ээ» деп кейип жиберди. Ал мындан алты жыл мурда бели эңкейген атасы менен ушул үйдө бир аптача жашап кетишкен. Эстесе ичи ачышат… Ошондо да үйдөгүлөр таң атпай азыркыдай ишине шашып, үйдө эки айылдык калчу. Бир күнү атасы чыдабады. «Кызым, төртүнчү күнгө кетти, эшкеликти көрө элекмин, камакта отургансыйм… Мени ылдый аптүш, как жерге болсо да отургузуп койчу» дейт. Кызы анны туура көрөт. Үйдүн кире беришиндеги орундукка отургузуп: «Бир жакка басып кетип жүрбөң, бу жер сиздин Кожокеңиз эмес, көчөмө-көчө кете берчү. Бу үйлөр босогосуна чейин эгиз балдардай окшош, сиз эмес адашсам, мен таба албайм» деп кулагына куюп, үйгө кирет. Бир саат өтүп-өтпөй чуу чыгып калат. Үйдүн маңдайында үч-төрт жигит көчөт отургузуп
жүргөн, терезеден караса атасы ошолордун арасында тарткылашып жүрөт. Үчүнчү кабаттан учуп эле түштү. Жетип барса, атасы бир көчөттү түбүнөн кармап алыптыр, үч
жигиттин бири дасырамолун төрт учунан түйүп, башына топу кылып илип алганы
көчөттүн берки учун кое бербейт. Чал бери тартат, жигит нары тартат. «Кое бериң, кызык
киши экенсиз. Бу өкмөттүкү, ар бир түбүн санап берет. Бирөөсү кемисе сатып ийипсиңер
деп жаныбызды сууруп алат, кандай түшүнбөйсүз?» деп көчөт талашкан жигиттин ачуусу келип калыптыр. Жо-ок, кыздын атасы ынап болуптур, сүйрөсө кошо сүйрөлө турган. «Уулумдун эшигинде өсчү миң көчөттүн бири экен, наамарттык кылба! Үйүмө апарып тигип коем, кирген-чыкканда баламды көргөндөй көзүмө сүртүп турам, бер балам!
Бу экөө сөз билги түшүнгөн балдар экен, үндөшпөй эле турат, бу сен кичине заар окшойсуң». Аңгыча кызы ортого түшүп калды. Атасын жеме-жукага алып: «Таштаң, берген күндө да алып кете албайсыз, самолетко көчөт менен чыгарбайт»,- деди. «Жүда чыгарат да, ортолукка таштап коем, кимге залалы тиет. Ой бала, болду эми кое бербейсиңби, болбосо пулун алгын!» дегенде чал менен тарткылашып береке таппасын сездиби «ал, ала бер дегенчелик силкинип, басып кетти. Кечкурун ишинен кайткан уул-келини салкынканадагы тамыры чарчы менен оролгон узун көчөттү көрүп, болгон ишти угуп боору эзилгенче күлүшкөн. «Эгип коем, эшигимдин алдында көгөрүп турса
кирген-чыкканымда силерди көргөндөй болом, силер имнени билесиңер, айда-жылда бир
барсаңар…» деген төрт күндөн бери камалып отурган чал.
Эртеси агасы карындашын атайын ойготуп: «Атамы эшке чыгарбагын, дагы бир нерсени
баштабасын» деп эскертип жумушуна кетти. Ошол бойдон чал сыртка кетеринде гана чыкты. Самолетко отурганда эстеп жүрөт, эстеп алып жанында отурган кызын мүрүсү менен бир түрттү. «Менин го жарым эсимди кудай алып койгон, а сен боору жок, көчөт бар эле деп эстеп турбайсыңбы!?» Кызы үндөгөн жок. Мүмкүн уул-кызы атасы болуп үйдөн чыгып баратканда билип туруп эле унчукпай коюшкандыр… Бекер кылышты, мүмкүн чалды түшүнгөндөр табылып, көчөттү самолетко алып өтүп кетишер беле. … Шону эстесе кыздын жүрөгүн катуу нерсе сыдырып кеткенсийт…
Түндүн этегин түрүп, ай жаныбар жер жээгинен билинер-билинбес калтылдап көтөрүлүп
келатты. Жуурулган камырдай суналган бөксө тоонун төбөсүндө кирпигин ирмегилеп, ай
нуруна көзү уялган жылдыздар андан-мындан жымыңдайт. Те капталдан түшкөн шагылдуу жол менен кеч калган бирөө мотоциклин тытыратып, бийик-бийик жарлардын алдынан өткөндө саал жайлатып, өр таянганда доошун күчүркөнтө басат. Жеңил канат тоонун жели мотоциклдин үнүн алда кайда ала качат. Белге жетпей тумшукчаны айланып, оң кол жакка жантайганда кең жылганын ичи кулак-мурун кескендей жымжырт боло түштү. Мотор иштен чыктыбы же ылдыйышка келдим деп ээси жайына коюп, моторду өчүрүп жөнөдүбү…Жакын жерден саратан чырылдады, калгандары аны коштоп кетти. Мемиреген тынчтыктан айдын жарыгы ай-ааламга дагы жарыгыраак тийгенсийт…
Кызы чукуранды. Түшүндө бирөө-жарым менен сүйлөшкөндөй болот. «Ата» деди окшойт.
«Кечикпечи, апам зарыгып уктабай отурат » деди окшойт… Же саар-кеч туш-тушунан
чыгып «кана, айтып койчу, кана, кана» деп кысташканда эптеп-септеп кураштырган
баягы тумардай сөзүн, «короз кант сатып бериң, базардан короз кант сатып бериң» деген
атасы үчүн дүйнөдөгү ширинден ширин сөзүн айтып жиберди бекен… Келин башын
көтөрүп, боордо асылган саатка карады. Сааттын шибеңдеген кызыл шыйрагы аалам кезет…
Бизге тааныш кыз талып чыккан көзүн укалап, китебин жапты. Чыйрыккансыйт. Желбегейленген күйөөсүнүн төш кабын кийип, аягына чейин бүчүлөндү. Эмнегедир көкүрөгү сайгылашат. Курсташтары менен түшкөн сүрөттөрү бар альбомун барактагысы келди, бирок ошону барып алгандан эринди. Өзүнөн өзү эле качанкы өткөн окуя кылт дей түштү оюна. Биринчи курста экенде жанына бир кызды ээрчитип алып, Ош базарына шыпыргы сатып алганы барышат. Базарга кире бериште үстү-башы деле түзүк, төбөсүндө өңү өчкөн калпагы бар, агала сакал бирөө жандай басып: «Садага болоюн кыздарым, бу жакка доктурга көрүнгөнү келдим эле, чөнтөгүмдү кисабирге кестирип көзүм кашайды. Ошко чейин жетип алгыдай пулуңар болсо кайрылышкыла. Жеткенден кийин салып жүгөрөм, адресиңерди жазып бергиле» деп бозорсо кудайдын боору ооруйт. Бизге тааныш кыз сумкесинен алган он сомун, беркиси беш сомун кармата берди. Көздөрү каканактаган мойсопут пул тиери менен чалабула ыйлап дубасын берди. «Ылайым теңиңер менен агаргыла, көгөргүлө, кудай айтканыңарды берсин!» деп кала берген. Кийинки жумада кыздар менен бирөөнү Таласка узатканы баратса, баягы «оштук» агала сакал ошо жерде жүрөт эки жигитти бучкактап. «Чөнтөгүмдө болгон акчамды ууруларга кактырып
ийдим. Жаныңарда болсо Нарынга чейин жол кирелик акча кайрылышкыла. Жетип
алсам , почто менен кайтып салып жиберем » деп баягысынан беш бетер бозоруп, ыйманы
учуп турат. Кыз көрүп турган көзүнө ишенбей бети дуулдап, уурулугу чыгып калган
немедей кызарса болобу. Анан кыздардан бөлүнүп, аста басып: «Бу акчаны сөзсүз арка-
ңардан салып жиберем» деп ыйлап-сыктап, үстү-үстүнө батасын берип аткан агала сакалдын маңдайынан чыкты. «Арбаңыз,- деди улуунун ызаатын кылып, — сиз өткөн аптада эле бизден алган пул менен Ошко кетмек адам эмес белеңиз?» деди. Өзү дагы кишиге катуу сөз кайрыганы ушу. Чал таанымаксанга салды. «Кой, жалган айтпа, тааныбайм сени! Жаман сөздү көтөрө албайм…» — деди дагы кетип калды.
Кыздын тунук сезимине конгон кыраа ой сөөмөй учуна чыккан сөөлдөй ошол окуяны
эстей калса жанын зыркыратып, бейтап кылып чыгат.
Кош жарыгын балбылдатып белге чыккан жеңил машина тумшукчаны айланып, көп
жүрбөй жолдун чекесине токтоду. Машинанын алдыңкы эшиги ачылган менен эч ким
түшпөдү. Бирөөнүн жоон үнү чыкты:
— Ой-эй тага, караңчы! Кырсык болуптур го, адам жатат! – деди. Тагасы жооп бербеди.
Сүйлөгөн узун бойлуу жигит экен, жерге түшүп, машинанын эшигин жаппай эси ооп
калды. О кыйлада аркы эшик ачылып, чыксамбы-чыкпасамбы деп ыргылжың түшкөн
адам: — Быякта мотоцикли жатат. Ылдыйыштан учуп кетиптир, бечара,- деди. Буга окшогон кырсыктын далайын көргөн окшойт. Оор үшкүрүп койду.
— Басыңчы жакыныраак, тирүү болсо кабар кылалы.
— Эсиң болсо жолобо! Жүр кетебиз, мындай иштин балаасы көп… Эки-
үч апта күбөгө өтөсүң деп ары сүйрөп, бери сүйрөп акмагыңды чыгарат.
Тынч жүргөн жаныбыз тыынч эле…
— Ээн жолго бу шордууну кантип таштап кетебиз?
— Ээ-ээ, кызык бала экенсиң, башың иштейби? «Силерден чочуп, мотоциклдин
башын буруп ийген» десе даказать эте аласыңбы?.. А көрөк эртең Прунзеге эртерээк учуштун камын ойло. «Кишиңе» жолук. Айым быйыл дагы куласа асынып өлөт, «тамекиде иштегенден көрө асынып өлгөнүм артык» деп айтканын өзүң дагы
эшиттиң го…
— Мынабу иш чатак болуп турат, көрүп туруп кантип кете беребиз, өзүңүз ойлосоңуз!..
— Об-бо жээним ай, мынча жашсың… Дагы шаарга барып «киши» таап сүйлөшөм дейсиң…
Бол, олтур, машинага! Мага ак жүрөк болуп көрүнбө, сенсиз дагы жетишип турат…
Калпакчан жигит баягысынан тайсалдай түштү. Те өздөрү келген тарапты, ай нуруна
кашкайган ак мөңгү чокуларды карадыбы, же кимдир-бирөө аркабыздан акмалап турабы
деген этияттанбы, иши кылса, машинага кетенчиктеп баратып, соңуна бир кылчайып
алды. Өзүн өзү сооротумуш болот. — Чеки иш кылдык, ким укса да бизди кечирбейт,
шу дагы адамгерчиликпи?! Дагы бала окутасыз, тага! – деди. Тагасы ага акырая бир
карап алды «эшигиңди катуураак жаап ал» деди. Жарыгы күйбөгөн машина дөңгөлөгү асманды караган, үрөйдү учурган мотоциклдин жанынан учуп өтүп, оо кыйла баргандан кийин жарыгы балбылдап күйдү. Жол кашкайып, жарык жеткен жерине чейин кулачын жайып бара жатты…
Терезеден ай башбакты. Балбылдаган ай жаныбар мынабы күйөөсүн күткөн жаш келинди,
жанында бейгам уктаган кызын тиктеп, чоң айылдын ортосундагы жарыгы өчпөгөн үйдүн
терезесинде эсейип турду… Таанып турду.
Апасынан эрте айрылылып, жалгыздыкты, кусалыкта жаш жүрөгү көтөрө албай мемиреген айлуу түндөрдү эш тутуп, апасы отуруп чачын өрүп берчү супанын чекесине көчүк басып жан адамга билгизбей, башына түшкөн жазымыштын баш-аягына көзү жетпей аста озондочу баягы боорукер кызды таанып турду… Эртең кызы уктап жаткан мынабу төрдө, кемпир-кесектин курчоосунда кырчын курагында кунак жашоосунун кылы үзүлгөн күйөөсүн жоктоп кошок кошуп отурарын, мынабу терезеден көрүнүп-көрүнбөй бозоруп жаткан сокмо жолго батпай убап-чубап эл келерин ай жаныбардын жаш жалаган көзү көрүп турду ов…
Айдын жогору жагында Саманчынын жолу үлпүлдөйт. Шу түнү, жүрөктү тыбыраткан, кусалык козгогон сүттөй жарык түнү чоң айылдын күн көрүп кумары кана элек туйгуну, кыялкеч келиндин түгөйү, жаңыдан тили чыккан наристенин жанажан атасы жердеги ырыс-кешиктүү, ыйык уясын таштады да, Саманчынын жолуна салып, бу ааламдан өтүп кетти…
Бу баягы бизге тааныш чалдын кө-өп дубасын алган кызды айдын жаш жалаган балбал
көзү таанып турду…

Автор
Абдиламит Матисаков

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button