Жаңылыктар
Өзбекстандын калкынын саны 32,4 миллионго жетти
Өзбекстандын калкынын саны 2017-жылдын 1-июлундагы эсеби боюнча 32,345 миллион адамды түздү. Бул көрсөткүч жыл башынан бери 224,5 миңге же 0,7%га жогору. Мындай маалыматты өлкөнүн мамлекеттик статистика комитети билдирди.
Алардын маалыматы боюнча, калктын 50,6%ы шаарларда, 49,6%зы айылдарда жашашат. Өзбекстанда биринчи жарым жылдыкта 311,9 ымыркай төрөлгөн. Төрөлүү коэффициенти 19,5 промиллди түзгөн.
Каза болгондордун саны 2017-жылдын январь айындагы көрсөткүч боюнча 78,8 миңге жеткен. Каза болгондордун коэффициенти болсо, 4,9 промилл.
Ушул эле жылдын январь-июнь айларына чейин өлкөгө келгендердин саны 82,5 миң, чыккандар 91,0 миң болгон. Жумушсуздардын саны 741,4 миң.