alternatetext Багымдат: 04:02 | alternatetextКүн чыгуу: 05:52 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
Жаңылыктар
Эң мыкты

1916-жылдагы Үркүн окуяларына арналган эскерүү жүрүшү уюштурулат

“Эсимде” изилдөө аянтчасы 2022-жылдын 5-14-август күндөрү 1916-жылдагы көтөрүлүш жана Үркүн окуяларына арналган эскерүү жүрүшүн уюштуруп, анын алкагында 1916-жылдагы трагедияларга байланышкан эс тутум жайларына зыярат кылынат. Бул тууралуу «formula.kg» сайтына уюштуруу тобунун мүчөсү Гүлзат Алагөз кызы билдирди.

🔖 Иш-чаранын маршруту Чуй өрөөнүнөн башталып, Ысык-Көлдүн күңгөй жана тескей тараптарын камтып, Сырт ашууларына чейин уланат. Эскерүү жүрүшүү максималдуу түрдө 1916-жылдагы Үркүн жолдорун камтыйт.

🔖 Жүрүштүн негизги максаттары колониализмдин курмандыгы болгон ата-бабаларыбызды эскерүү, 1916-жылдагы окуяларга байланышкан эс тутум жайларын коомдук эс тутумда актуалдаштыруу.

Бул трагедияны коомдун аңдап түшүнүүсүнө түрткү берүү жана бул окуяларга байланышкан эс тутум жайларын изилдөө.

Жүрүшкө жарандык активисттердин, окумуштуулардын, медиа өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө. Бардык кызыктар тараптарды жана бул окуяларга кайдыгер эмес инсандарды эскерүү жүрүшүнө кошулууга чакырабыз.

Кыргызстанда август айынын биринчи жума күнү 1916-жылдагы Үркүндүн курмандыктарын эскерүү датасы катары аныкталган. Кененирээк: http://eskeruujurush.tilda.ws” сайтынан таанышсаңыздар болот»-деп айтылат маалыматта.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button