alternatetext Багымдат: 03:57 | alternatetextКүн чыгуу: 05:48 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:03 | alternatetextШам: 20:11 | alternatetextКуптан: 22:05
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Өрнөк айылынын имамы жаштарга «Табият менен таттуу мамиледе болуу» темасында лекция окуп, түшүндүрүү ишин жүргүздү

Өрнөк айылынын имамы  Жылдызбек Сатывалдиев  жаштарга  «Табият менен таттуу мамиледе болуу» темасында лекция окуп, түшүндүрүү ишин жүргүздү.

Мекенди сүйүү-ыймандан. Мекенди сүйүү – куру сөз менен болбойт. Мекенди сүйүү – кайсы бир улуттук кийимди кийип алуу менен болбойт. Мекенди сүйүү – ага болгон кызмат менен болот.  Адамга туура баа берүү үчүн анын үч нерсесине көңүл буруу керек. Биринчиси мекенге болгон сүйүүсүнө, бир туугандарына жасаган мамилесине, өткөн өмүрүнө эсеп берүүсүнө”,- деди Жылдызбек Сатывалдиев.

Муну менен катар Өрнөк айылынын имамы  ар бир адам  өз мекенин сүйсө,  анын келечеги үчүн эмгек кылуусу керектигин айтып, өлкөнүн өнүгүүсүнө ар тараптуу колдоо керектигин баса белгиледи.  Ошондой эле жаш өспүрүмдөрдү татыктуу билим алууга жана адептүүлүккө чакырып, убакытты туура пайдалануу керектигин эскертти.

Ошондой эле ыйык Курандан 12 сүрө окуу боюнча чакан жарыш уюштуруп, ийгилик жараткан жеткинчектерге кызыктыруучу белектерди тапшырды.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button