alternatetext Багымдат: 03:59 | alternatetextКүн чыгуу: 05:49 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:02 | alternatetextШам: 20:10 | alternatetextКуптан: 22:03
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Өзгөн районунун баш имам-хатиби район тургундарына орозонун пазилеттери жана садака-фитирдин өлчөмдөрү боюнча маалымат берди

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун борбордук мечитинде райондун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров район тургундарын жаңырган Рамазан айы менен куттуктап, орозонун пазилеттери жана артыкчылыктары, зекет жана садака-фитирдин өлчөмдөрү боюнча кеңири маалымат берди.

«Баарыңыздарды он бир айдын султаны болгон Ыйык Рамазан айы менен куттуктаймын! Жараткан Алла Таалам үй-бүлөңүздөргө бекем ыйман, ден-соолук берсин. Бири-бири менен мамилеси жакшы эмес инсандар Рамазан айынын урматына жарашып, бири-бирин кечирүүгө, тууган-урук жана колу-коңшулар менен мамилелерди жакшыртууга чакырам», — деди Акжол ажы Бакиров.

Белгилей кетсек, Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан бекитилген зекет жана садака-фитирдин өлчөмдөрү боюнча районго караштуу бардык мечиттерде маалымат берилди.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button