alternatetext Багымдат: 04:00 | alternatetextКүн чыгуу: 05:51 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:09 | alternatetextКуптан: 22:01
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Өзгөн районундагы мечит имамдарына архитектуралык документтерди камсыздоо боюнча маалыматтар берилди

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун борбордук мечитинде хатибияттын демилгеси менен Өзгөн шаарына караштуу мечиттердин архитектуралык документтерин жаңы талаптарга ылайык камсыздоо жана мечиттерди каттоо боюнча комплекстүү маалыматтар берилди.

Жыйынга Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров, Өзгөн шаарынын архитектура кызматкери жана  шаар имамдары катышты.

 «Биз архитектура боюнча Өзгөн шаардык архитектура кызматкерин чакырып, Өзгөн шаарына караштуу бардык мечиттердин архитектуралык документтерин бүткөрүү же болбосо мечиттердин айланасында курулуп жаткан идаралардын архитектуралык иш кагаздарын талапка ылайыктоо боюнча маалыматтарды берүүдөбүз. Кудай буюрса бул иш-чара өз жемишин берет деген үмүттөмүн», – деди Акжол ажы Бакиров.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button