alternatetext Багымдат: 04:00 | alternatetextКүн чыгуу: 05:51 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:09 | alternatetextКуптан: 22:01
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Өзгөндүн имамдары жаңы кабыл алынган концепция менен таанышышты

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун борбордук мечитинде Өзгөн шаарынын имамдарына жыйын өтүп, 2021-2026 жылдарга карата жаңы кабыл алынган Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы боюнча маалыматтар берилди.

Иш-чарага Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров жана Өзгөн шаарынын имамдары катышты.

Жыйында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы мамлекеттин дин чөйрөсүндөгү саясаты, дин багытыныдагы мыйзам актылары жана жаңы кабыл алынган концепциянын артыкчылыктары боюнча маалымат берди.

Ал эми Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров Исакбай Мурзабековго терең ыраазычылык билдирип, имамдарды мыйзамдарды так сактоого, берилген маалыматтарга аткарууга чакырды.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button